Президент Садыр Жапаров награжден высшим орденом Тюркского мира Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 октября, в рамках рабочего визита в Турецкую Республику награжден высшим орденом Тюркского мира. Решение о награждении Президента Садыра Жапарова высшим орденом Тюркского мира принято главами государств — членов Организации тюркских государств (Азербайджана, Казахстана, Турции и Узбекистана). Награду вручил Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган. Церемония состоялась в Президентском дворце в рамках 13-го саммита Организации тюркских государств (ОТГ) в городе Анкара. Президент Садыр Жапаров отметил, что вручение ему «Высшего ордена Тюркского мира» является большой честью и свидетельством глубокого уважения. Глава государства подчеркнул, что воспринимает награду не только как признание личных заслуг, но и как высокую оценку вклада кыргызского народа в укрепление единства тюркского мира и развитие многогранного сотрудничества между братскими государствами. «Нас объединяют наша общая многовековая история, единые духовные ценности, близость языков и культур. Это наше бесценное наследие и прочный фундамент нашего единства и согласия», — отметил Президент. Он также выразил глубокую признательность лидерам стран ОТГ за принятое решение о награждении, подчеркнув, что орден символизирует общую веру в светлое будущее тюркского мира. В завершение Глава государства пожелал братским странам мира и процветания, а народам — благополучия, подчеркнув важность сохранения вечного братства между ними.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-
Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Сыйлыкты Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Анкара шаарында өткөн 13-саммитинин алкагында Президенттик сарайда өттү. Президент Садыр Жапаров ага “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденинин” тапшырылышы чоң сыймык жана терең сый-урматтын белгиси экенин айтты. Мамлекет башчысы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи. “Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы”, — деди Президент. Ал ошондой эле сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы боордош өлкөлөргө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми элдерге бакубатчылык каалап, алардын ортосундагы түбөлүктүү боордоштукту сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
-
-



+1
-



+1
-



+1
-



+1
-



+1
-
edited Президент Садыр Жапаров посетил парк Цивилизации тюркских государств в Анкаре Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 октября, в рамках 13-го саммита Организации тюркских государств (ОТГ) в Анкаре посетил парк Цивилизации тюркских государств «Бештепе». В мероприятии приняли участие лидеры стран-участниц Организации тюркских государств (ОТГ). Главы государств ознакомились с произведениями искусства и национальными объектами, установленными странами-участницами ОТГ. Экспозиции отражают богатство традиционной культуры, особенности национального быта и историческое наследие тюркских народов, демонстрируя самобытность и культурное многообразие каждой страны. Отмечается, что от Кыргызской Республики в этом президентском парке «Бештепе» установлена скульптура «Мураскер». Скульптура раскрывает образ юного охотника, продолжающего дело своего отца – древнее искусство охоты с беркутом. В композиции объединены ключевые элементы кочевой традиции: беркут – символ духовной высоты и свободы, тайган – верный спутник степного охотника, а лук – знак мастерства и внутренней собранности. После посещения аллеи состоялось совместное фотографирование глав делегаций с супругами. Затем лидеры приняли участие в церемонии посадки деревьев. В завершение мероприятия в Центре искусств Малазгирт президентам представили концертную программу, отразившую национальные культурные традиции стран ОТГ.
-
edited Президент Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алкагында “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Мамлекет башчылары ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Экспозициялар салттуу маданияттын байлыгын, улуттук турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн жана түрк элдеринин тарыхый мурасын чагылдырып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтөт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан “Бештепе” президенттик паркында “Мураскер” скульптурасы орнотулган. Скульптура атасынын ишин – бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образын ачып берет. Композицияда көчмөндөр салтынын негизги элементтери айкалышкан: бүркүт – руханий бийиктиктин жана эркиндиктин символу, тайган – талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички токтоолуктун белгиси. Аллеяны көрүп чыккандан кийин делегациялардын башчылары жубайлары менен биргеликте сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышышты. Иш-чаранын соңунда Малазгирт искусство борборунда президенттерге ТМУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
-



+5
-
edited Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Анкара шаарына келди. Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Этимесгут” эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген. Президент Садыр Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эске сала кетсек, Мамлекет башчысы сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышмакчы. ****** Президент Садыр Жапаров прибыл с рабочим визитом в Турцию Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 октября, прибыл с рабочим визитом в г. Анкара Турецкой Республики. Борт главы государства приземлился в международном аэропорту «Этимесгут» г. Анкары. На флагштоках аэропорта вывешены государственные флаги Кыргызской Республики и Турецкой Республики, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула. Президента Садыра Жапарова встретил вице-президент Турции Джевдет Йылмаз и другие официальные лица. Напомним, что в рамках визита Глава государства примет участие в 13-м Саммите глав государств Организации тюркских государств (ОТГ).
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга келди ***** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл с рабочим визитом в Турцию
-
Президент Садыр Жапаров Испаниянын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын Королу Филипп VIга көңүл айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын Королу Филипп VIга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Испания Королдугунун Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” , - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында. **** Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Королю Испании Филиппу VI в связи с гибелью людей в результате столкновения поездов в провинции Толедо Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил телеграмму с соболезнованиями Королю Испании Филиппу VI в связи с гибелью людей в результате столкновения поездов в провинции Толедо. «С глубокой скорбью воспринял известие о гибели людей и многочисленных пострадавших в результате столкновения поездов в провинции Толедо Королевства Испания. От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю Вам и народу Испании соболезнования в связи с этой трагедией. Разделяю скорбь родных и близких погибших и желаю скорейшего выздоровления всем пострадавшим» , – говорится в телеграмме Главы государства.
-
-
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29–30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат. Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммиттин алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда. **** Президент Садыр Жапаров совершит рабочий визит в Турцию Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров по приглашению Президента Турецкой Республики Реджепа Тайипа Эрдогана 29–30 октября совершит рабочий визит в Анкару. В ходе визита Президент Садыр Жапаров примет участие в 13-м саммите глав государств Организации тюркских государств (ОТГ). В рамках саммита будут обсуждены актуальные вопросы региональной и международной повестки дня. По итогам саммита планируется подписание Анкарской декларации глав государств Организации тюркских государств и других документов, направленных на дальнейшее укрепление сотрудничества между государствами-участниками.
-
🔹 Некролог - Роза Айтматова Кыргызстан орду толгус оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 26-октябрында 89 жаш курагында көрүнүктүү агартуучу, педагог жана коомдук ишмер Роза (Розетта) Төрөкуловна Айтматова дүйнөдөн кайтты. https://president.kg/kg/news/21/41061 ********* 🔹 Некролог - Роза Айтматова Кыргызстан понес невосполнимую утрату. 26 октября 2026 года на 89-м году жизни скончалась выдающийся просветитель, педагог и общественный деятель Роза (Розетта) Торекуловна Айтматова. https://president.kg/ru/news/21/41061
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. 2-бөлүк ****** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Тогуз-Тороузского района. 2 часть
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. 1-бөлүк ****** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Тогуз-Тороузского района. 1 часть
-


- Older posts