Президент Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алкагында “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Мамлекет башчылары ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Экспозициялар салттуу маданияттын байлыгын, улуттук турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн жана түрк элдеринин тарыхый мурасын чагылдырып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтөт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан “Бештепе” президенттик паркында “Мураскер” скульптурасы орнотулган. Скульптура атасынын ишин – бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образын ачып берет. Композицияда көчмөндөр салтынын негизги элементтери айкалышкан: бүркүт – руханий бийиктиктин жана эркиндиктин символу, тайган – талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички токтоолуктун белгиси. Аллеяны көрүп чыккандан кийин делегациялардын башчылары жубайлары менен биргеликте сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышышты. Иш-чаранын соңунда Малазгирт искусство борборунда президенттерге ТМУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
−100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.6%1.1K avg views
Posting
11.1/day
last 12 hours ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 29 Oct 2026, 16:54 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.5K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.