🔹Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундарынын көйгөйлөрүн жеринде ыкчам чечүүгө чакырды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун эли менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары жол жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштарын чечүү, ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген насыялардын жеткиликтүүлүгү маселелерин көтөрүштү. Өзгөчө көңүл калктуу конуштардагы жолдордун абалына, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, калкты суу менен камсыз кылууга жана жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен башка маселелерге бурулду. Президент Садыр Жапаров жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланып жатканын айтып, тургундарды белгиленген пландарды этап-этабы менен ишке ашырууга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ал кооптуу тилкелердин абалын изилдеп, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Жолугушууда ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандардын укуктарын коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүү, документтерди тариздөө жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу иштерди кароо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ишкерлерди колдоо жана мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө маселелери да каралды. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен иштөөсүн күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал көптөгөн көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде өз убагында чечип алса болорун айтты. Буга байланыштуу жетекчилерге жарандар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-
🔹Президент Садыр Жапаров встретился с жителями Базар-Коргонского района Джалал-Абадской области Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область встретился с активом и жителями Базар-Коргонского района. Глава государства отметил значительный рост бюджета района и подчеркнул, что наряду с увеличением собственных бюджетных средств регион получает существенную финансовую поддержку из республиканского бюджета для социально-экономического развития. «Если в 2021 году объем бюджета Базар-Коргонского района составлял 189,6 млн сомов, то по итогам 2025 года он достиг 350,5 млн сомов. Таким образом, по сравнению с 2021 годом бюджет района увеличился в 1,8 раза. На строительство объектов в Базар-Коргонском районе по статье «Капитальные вложения» на 2026 год предусмотрено финансирование. По состоянию на 1 октября 2026 года выделенные средства составили 767,3 млн сомов. За последние пять лет в районе заасфальтировано 57 километров дорог, из них 21 километр - в 2026 году», - сказал Президент. Он также отметил, что в регионе реализуется программа «Алтын Казык». Во всех школах проводятся методические мероприятия и тренинги для учителей, особое внимание уделяется внедрению новых подходов к обучению подрастающего поколения. Говоря о развитии инфраструктуры, Садыр Жапаров сообщил, что в городе Базар-Коргон ведется подготовка проектно-сметной документации по восстановлению систем питьевого водоснабжения. После завершения проектирования строительства водохранилища на реке Кара-Үңкүр начнутся строительные работы. Кроме того, с использованием новой специальной техники очищаются внутрихозяйственные каналы и ведется подготовка к вегетационному периоду. Глава государства подчеркнул, что наряду с решением инфраструктурных вопросов важно эффективно использовать природный и экономический потенциал региона. Он отметил, что ореховые леса Базар-Коргонского района входят в число крупнейших в мире, и указал на необходимость перехода от экспорта сырья к переработке грецкого ореха, производству масла, пасты и муки, а также продвижению национального бренда «Натуральный кыргызский орех». Отдельно Президент остановился на социальных вопросах района. Он сообщил, что поставлена цель полностью решить проблему нехватки школ до 2028 года, после чего основное внимание будет уделено строительству и обновлению детских садов и домов культуры. Далее встреча прошла в формате вопросов и ответов.
-



+3
-
🔹Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи. “Базар-Коргон районунун 2021-жылы бюджетинин көлөмү 189,6 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 350,5 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйгөн. 2026-жылга Базар-Коргон районунда объектилерди куруу үчүн “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо каралган. 2026-жылдын 1-октябрына карата бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 767,3 млн сомду түздү. Райондо акыркы беш жылда жалпы 57 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 2026-жылы 21 чакырым жол асфальтталды”, - деди Президент. Ал ошондой эле аймакта «Алтын Казык» программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бардык мектептерде усулдук иш-чаралар, мугалимдер үчүн тренингдер өткөрүлүүдө. Жаңы муундун өкүлдөрүн жаңы ыкмалар менен окутууга басым жасалууда. Инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолгон Садыр Жапар Базар-Коргон шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатканын билдирди. Район аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери аяктаары менен курулуш иштери башталмакчы. Жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, вегетациялык мезгилге каналдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекет башчысы инфраструктуралык маселелерди чечүү менен катар аймактын жаратылыш жана экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал Базар-Коргон районундагы жаңгак токойлору дүйнөдөгү эң ири токойлордун катарына кирерин белгилеп, чийки затты экспорттоодон жаңгакты кайра иштетүүгө, жаңгак майын, пастасын жана унун өндүрүүгө, ошондой эле «Табигый кыргыз жаңгагы» улуттук брендин жайылтууга өтүү зарылдыгын айтты. Президент райондун социалдык маселелерине да өзүнчө токтолду. Ал 2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн толук чечүү максаты коюлганын, андан кийин негизги көңүл бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курууга жана жаңылоого буруларын билдирди. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
-



-
🔹Президент Садыр Жапаров ознакомился с социально-экономическим развитием Базар-Коргонского района Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область ознакомился с результатами социально-экономического развития Базар-Коргонского района за 2021–2026 годы, реализованными проектами и планами районной государственной администрации на перспективу. Главе государства представили информацию о динамике промышленного производства, развитии строительной отрасли, возведении социальных объектов, а также приоритетных инфраструктурных проектах и актуальных проблемах района. В промышленном секторе объем производства увеличился с 854,9 млн сомов в 2021 году до 1 млрд 827,8 млн сомов в 2026 году. Рост составил 972,8 млн сомов. За 2021–2026 годы в районе построены и введены в эксплуатацию 56 объектов. В их числе 12 школ, девять детских садов, семь фельдшерско-акушерских пунктов, семь мини-футбольных полей, четыре спортивных зала, четыре дополнительных корпуса школ, пять объектов по обеспечению населения чистой водой, одно административное здание и пять других социальных объектов. В настоящее время продолжается строительство пяти школ, пяти детских садов, трех фельдшерско-акушерских пунктов и социального городка. Особое внимание уделено перспективным инфраструктурным проектам, для реализации которых требуется финансирование в размере 1 млрд 959 млн сомов. В частности, предусмотрено строительство очистных сооружений для сточных вод стоимостью 598,8 млн сомов, а также новой дороги для снижения транспортной нагрузки. На строительство участка Базар-Коргон -Арстанбап протяженностью 23 км и участка Базар-Коргон — Сайдикум протяженностью 18 км ориентировочно потребуется 984 млн сомов. Кроме того, для развития транспортной инфраструктуры планируется приобретение восьми единиц специальной техники и десяти электробусов. Общая стоимость приобретения электробусов составит 131 млн сомов. На развитие инфраструктуры города Базар-Коргона необходимо 125 млн сомов. Средства планируется направить на строительство автомобильной парковки, станции быстрой зарядки, наружных электрических сетей, остановки и автомойки, а также асфальтирование территории площадью 7 тыс. кв. м. Еще один проект предусматривает капитальный ремонт Дома культуры имени М. Бердибекова. В ходе ознакомления также обозначены актуальные вопросы, требующие решения, включая обеспечение жителей жильем и чистой питьевой водой.
-
🔹Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана райондук мамлекеттик администрациянын келечектеги пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү динамикасы, курулуш тармагынын өнүгүшү, социалдык объектилердин курулушу, ошондой эле артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлор жана райондун актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилди. Өнөр жай тармагында өндүрүштүн көлөмү 2021-жылы 854,9 млн сомдон 2026-жылы 1 млрд 827,8 млн сомго чейин өскөн. Өсүш 972,8 млн сомду түзгөн. 2021-2026-жылдары райондо 56 объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын арасында 12 мектеп, тогуз бала бакча, жети фельдшердик-акушердик пункт, жети кичи футбол талаасы, төрт спорт зал, мектептердин төрт кошумча корпусу, калкты таза суу менен камсыз кылуучу беш объект, бир административдик имарат жана башка беш социалдык объект бар. Учурда беш мектеп, беш бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункттун жана социалдык шаарчанын курулушу уланууда. Өзгөчө көңүл келечектүү инфраструктуралык долбоорлорго бурулду. Аларды ишке ашыруу үчүн 1 млрд 959 млн сом өлчөмүндө каржылоо талап кылынат. Тактап айтканда, 598,8 млн сомдук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле транспорттук жүктү азайтуу үчүн жаңы жол салуу каралган. Узундугу 23 чакырымды түзгөн Базар-Коргон — Арстанбап участогун жана узундугу 18 чакырым болгон Базар-Коргон — Сайдикум участогун курууга болжол менен 984 млн сом талап кылынат. Мындан тышкары, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында сегиз атайын техника жана он электробус сатып алуу пландалууда. Электробустарды сатып алуунун жалпы наркы 131 млн сомду түзөт. Базар-Коргон шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 125 млн сом талап кылынат. Каражаттарды автоунаа токтотуучу жайды, тез кубаттоочу станцияны, тышкы электр тармактарын, аялдама жана автоунаа жуучу жайды курууга, ошондой эле 7 миң чарчы метр аянтты асфальттоого жумшоо мерчемделүүдө. Дагы бир долбоор М. Бердибеков атындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоону камтыйт. Таанышуу учурунда ошондой эле чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер, анын ичинде тургундарды турак жай жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
-



-



+6
-



+6
-
🔹Президент Садыр Жапаров поручил обеспечить всестороннее рассмотрение поднятых жителями города Манас и Сузакского района вопросов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область провел встречу с активом города Манас и Сузакского района. В ходе встречи жители напрямую обратились к Главе государства по актуальным социально-экономическим и личным вопросам. Участники встречи обсудили обеспечение жильем, разрешение земельных и имущественных споров, развитие инфраструктуры, повышение качества государственных услуг, поддержку пенсионеров и социально уязвимых категорий населения. Отдельное внимание было уделено защите прав собственников, завершению строительных работ, эффективному использованию имеющихся объектов и оказанию помощи гражданам, оказавшимся в сложной жизненной ситуации. Президент Садыр Жапаров подчеркнул необходимость справедливого рассмотрения каждого обращения, строгого соблюдения законодательства и недопустимость необоснованного ущемления прав граждан. Он отметил важность ответственного подхода со стороны руководителей государственных органов и своевременного реагирования на запросы населения. Также были затронуты вопросы социальной поддержки, создания условий для старшего поколения, сохранения рабочих мест и содействия инициативам, направленным на развитие регионов. По итогам встречи Президент поручил соответствующим государственным органам всесторонне изучить поднятые темы, принять необходимые меры в рамках законодательства и обеспечить защиту прав и интересов граждан.
-
🔹Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары көтөргөн маселелерди ар тараптуу кароону тапшырды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда тургундар актуалдуу социалдык-экономикалык жана жеке маселелер боюнча Мамлекет башчысына түз кайрылышты. Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, пенсионерлерди жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо маселелерин талкуулашты. Менчик ээлеринин укуктарын коргоого, курулуш иштерин аяктоого, колдо болгон объектилерди натыйжалуу пайдаланууга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров ар бир кайрылууну адилеттүү кароо, мыйзам талаптарын так сактоо жана жарандардын укуктарын негизсиз чектөөгө жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын жетекчилери жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калктын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруусу маанилүү экенин айтты. Ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү, улуу муундун өкүлдөрү үчүн шарттарды түзүү, жумуш орундарын сактоо жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге көмөк көрсөтүү маселелери көтөрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу изилдеп чыгууну, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү жана жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууну тапшырды.
-



+1
-
🔹Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары жана активи менен жолукту. Жолугушуунун учурунда Мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына, социалдык объектилердин курулушуна, энергетиканы өнүктүрүүгө жана калкты социалдык колдоо чараларына токтолду. https://president.kg/kg/news/21/41031 **************** 🔹Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров встретился с жителями и активом города Манас и Сузакского района Джалал-Абадской области. Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область встретился с жителями и активом города Манас и Сузакского района. В ходе встречи Глава государства остановился на социально-экономическом развитии региона, реализации инфраструктурных проектов, строительстве социальных объектов, развитии энергетики и мерах социальной поддержки населения. https://president.kg/ru/news/21/41031
-



+2
-
🔹Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүктүн натыйжалары, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу, турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жол жана инженердик инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле аймактагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берилди. https://president.kg/kg/news/21/41030 ********** 🔹Президент Садыр Жапаров ознакомился с социально-экономическим развитием города Манас и Сузакского района Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область ознакомился с результатами социально-экономического развития города Манас и Сузакского района за 2021–2026 годы, итогами работы за девять месяцев текущего года, а также планами по реализации новых проектов. Главе государства представили информацию о строительстве социальных и инфраструктурных объектов, развитии жилищного строительства, привлечении инвестиций, модернизации дорожной и инженерной инфраструктуры, а также имеющихся проблемах и перспективах дальнейшего развития региона. https://president.kg/ru/news/21/41030
-
-


-



+6
-

- Older posts