Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 13 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана райондук мамлекеттик администрациянын келечектеги пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү динамикасы, курулуш тармагынын өнүгүшү, социалдык объектилердин курулушу, ошондой эле артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлор жана райондун актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилди. Өнөр жай тармагында өндүрүштүн көлөмү 2021-жылы 854,9 млн сомдон 2026-жылы 1 млрд 827,8 млн сомго чейин өскөн. Өсүш 972,8 млн сомду түзгөн. 2021-2026-жылдары райондо 56 объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын арасында 12 мектеп, тогуз бала бакча, жети фельдшердик-акушердик пункт, жети кичи футбол талаасы, төрт спорт зал, мектептердин төрт кошумча корпусу, калкты таза суу менен камсыз кылуучу беш объект, бир административдик имарат жана башка беш социалдык объект бар. Учурда беш мектеп, беш бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункттун жана социалдык шаарчанын курулушу уланууда. Өзгөчө көңүл келечектүү инфраструктуралык долбоорлорго бурулду. Аларды ишке ашыруу үчүн 1 млрд 959 млн сом өлчөмүндө каржылоо талап кылынат. Тактап айтканда, 598,8 млн сомдук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле транспорттук жүктү азайтуу үчүн жаңы жол салуу каралган. Узундугу 23 чакырымды түзгөн Базар-Коргон — Арстанбап участогун жана узундугу 18 чакырым болгон Базар-Коргон — Сайдикум участогун курууга болжол менен 984 млн сом талап кылынат. Мындан тышкары, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында сегиз атайын техника жана он электробус сатып алуу пландалууда. Электробустарды сатып алуунун жалпы наркы 131 млн сомду түзөт. Базар-Коргон шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 125 млн сом талап кылынат. Каражаттарды автоунаа токтотуучу жайды, тез кубаттоочу станцияны, тышкы электр тармактарын, аялдама жана автоунаа жуучу жайды курууга, ошондой эле 7 миң чарчы метр аянтты асфальттоого жумшоо мерчемделүүдө. Дагы бир долбоор М. Бердибеков атындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоону камтыйт. Таанышуу учурунда ошондой эле чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер, анын ичинде тургундарды турак жай жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.

Views over time

05001K22 Oct 09:2911 Nov 05:0398822 Oct 09:29: 0 views11 Nov 05:03: 988 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
22 Oct 2026, 09:290
11 Nov 2026, 05:03988

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.