Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. 🔹 Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын алкагында Чүй облусунун калыптанышынын жана өнүгүүсүнүн бир кылымдык тарыхына, анын көрүнүктүү инсандарына жана аймактын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымына арналган театралдаштырылган көрсөтүү коюлду. Чогулган коноктор көркөм образдар аркылуу маанилүү тарыхый окуялар, маданий салттар жана облустун тургундарынын жетишкендиктери чагылдырылган тарых менен таанышты. Андан соң майрамдык иш-чара кыргыз эстрада аткаруучулары катышкан концерттик программа менен уланды. ***** 🔹 Президент Садыр Жапаров принял участие в торжественном мероприятии, посвящённом 100-летию Чуйской области Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 октября, на центральной площади «Ала-Тоо» в Бишкеке принял участие в торжественном мероприятии, посвящённом 100-летию со дня образования Чуйской области. В рамках мероприятия состоялась театрализованная постановка, посвящённая вековой истории становления и развития Чуйской области, её выдающимся личностям и вкладу региона в становление кыргызской государственности. Собравшиеся гости ознакомились с историей, которая через художественные образы раскрыла важнейшие исторические события, культурные традиции и достижения жителей области. Далее праздничные мероприятия продолжились концертной программой с участием исполнителей кыргызской эстрады.

  2. 🔹 Президент Садыр Жапаров: Чүйдүн 100 жылдык байсалдуу жолу менен маарекесин белгилөө – өткөн тарых-таржымалыбызды эскерүү гана эмес, келечекке жаңы максаттарды коюунун башаты болууга тийиш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. https://president.kg/kg/news/21/40982 ****** 🔹 Президент Садыр Жапаров: Празднование столетнего юбилея Чуйской области — это не только дань памяти прошлому, но и отправная точка для постановки новых целей на будущее Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 октября, выступил на торжественном мероприятии, посвященном 100-летию Чуйской области. https://president.kg/ru/news/21/40982

  3. 💼 Данияр Сатимов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды **** 💼 Данияр Сатимов назначен председателем Государственной пограничной службы

  4. 💼 Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду **** 💼 Абдикарим Алимбаев освобожден от должности председателя Государственной пограничной службы

  5. 💼 Улан Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды **** 💼 Улан Кимсанов назначен председателем Государственной таможенной службы

  6. 💼 Алмаз Салиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду **** 💼 Алмаз Салиев освобожден от должности председателя Государственной таможенной службы

  7. Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышты. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө Президент аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта болгон мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. 9-октябрда Президент КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидерлери 13 документ кабыл алышты. Иш сапар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Бишкекке кайтып келди. *** Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Туркменистан Завершился рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Туркменистан, состоявшийся 8-9 октября. В рамках визита Глава государства 8 октября принял участие в Консультативной встрече глав государств Центральной Азии и Азербайджанской Республики. В своем выступлении на саммите Президент отметил важность сохранения ледников и горных экосистем, с которыми неразрывно связано долгосрочное устойчивое развитие стран региона. По итогам встречи лидеры подписали Совместное заявление. Далее Садыр Жапаров провел двустороннюю встречу с Президентом Туркменистана Сердаром Бердымухамедовым, а также посетил Фестиваль национальных блюд стран СНГ. 9 октября Президент в рамках участия в заседании Совета глав государств СНГ предложил провести совместные мероприятия к 100-летию выдающегося кыргызского писателя Чынгыза Айтматова в 2028 году. На мероприятии лидеры стран приняли 13 документов. По завершению рабочего визита Президент Садыр Жапаров сегодня, 9 октября, вернулся в Бишкек.

  8. Президент Садыр Жапаров выступил на заседании Совета глав государств СНГ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 октября, принял участие в заседании Совета глав государств СНГ, прошедшем в узком и расширенном форматах в Туркменистане. На заседании в узком составе Глава государства подчеркнул неизменную приверженность Кыргызстана развитию сотрудничества в рамках СНГ, укреплению взаимовыгодных связей и добрососедских отношений между государствами Содружества. Садыр Жапаров отметил важность расширения торгово-экономического, инвестиционного и производственного сотрудничества, а также взаимодействия в энергетике, агропромышленном комплексе, транспорте, логистике, цифровой экономике и инновациях. Глава государства также обозначил перспективы сотрудничества в сфере туризма и развития горных регионов, пригласив глав государств СНГ принять участие во Втором Глобальном горном саммите «Бишкек+25», который пройдет в Кыргызстане в октябре 2027 года. В рамках культурно-гуманитарного взаимодействия Садыр Жапаров предложил провести под эгидой СНГ совместные мероприятия к 100-летию выдающегося кыргызского писателя Чынгыза Айтматова в 2028 году. В завершение Садыр Жапаров подчеркнул готовность Кыргызстана и далее вносить вклад в укрепление Содружества. Далее главы государств провели заседание в расширенном формате. В нем приняли участие Президент Туркменистана Сердар Бердымухамедов, Президент Азербайджана Ильхам Алиев, Премьер-министр Армении Никол Пашинян, Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон, Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев, а также Президент Ирана Масуд Пезешкиан в качестве почетного гостя.

  9. Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Түркмөнстанда тар жана кеңейтилген курамдарда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышты. Тар курамдагы жыйында Мамлекет башчысы Кыргызстандын КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого туруктуу берилгендигин баса белгиледи. Садыр Жапаров соода-экономикалык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле энергетика, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика, санариптик экономика жана инновациялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин да белгилеп, КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Садыр Жапаров 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан Шериктештикти чыңдоого мындан ары да салым кошууга даяр экенин баса белгиледи. Андан соң мамлекет башчылары кеңейтилген курамдагы жыйын өткөрүштү. Ага Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле ардактуу конок катары Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан катышты.

  10. Older posts