🎥 Президент Садыр Жапаров Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты **** 🎥 Президент Садыр Жапаров открыл новый корпус Кыргызского национального университета культуры и искусств им. Б. Бейшеналиевой
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-



+5
-



+6
-



+6
-
🔹 Президент Садыр Жапаров открыл новый корпус Кыргызского национального университета культуры и искусств им. Б. Бейшеналиевой Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 26 сентября, принял участие в церемонии открытия учебного корпуса Кыргызского национального университета культуры и искусств имени Бюбюсары Бейшеналиевой в г. Бишкек. Сначала Глава государства ознакомился с условиями в новом корпусе. В пятиэтажном здании общей площадью 8615 квадратных метров предусмотрены современные учебные аудитории, библиотека, читальный зал, хореографические и концертные залы, столовая. Далее, выступая с речью, Садыр Жапаров подчеркнул, что сохранение культуры, трепетное отношение к искусству и воспитание талантливой молодежи - чрезвычайно ответственная миссия. «Строительство нового учебного корпуса - это вклад в процветание национальной культуры и открытие новых возможностей для будущего нашей талантливой молодежи», - сказал Президент и кратко остановился на истории учебного заведения. Основанному в 1967 году как Кыргызский государственный институт искусств, в 1974 году учебному заведению было присвоено имя гордости нашего народа, одной из основоположниц национального балетного искусства, народной артистки СССР Бюбюсары Бейшеналиевой. В 2013 году учебное заведение было преобразовано в Кыргызский государственный университет культуры и искусств. «В прошлом году перед нами встала сложная задача - решить проблему нехватки учебных помещений в университете, взрастившем тысячи талантов. Более того, приспособленное под учебный корпус здание бывшего общежития уже совершенно не соответствовало современным требованиям. В связи с этим в прошлом году было принято решение выделить из Президентского фонда 990 миллионов сомов на строительство современного корпуса. Сегодня новое здание со всеми созданными условиями распахнуло свои двери для нашей талантливой молодежи», - сказал Садыр Жапаров.
-
🔹 Президент Садыр Жапаров Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Алгач Мамлекет башчысы жаңы корпустагы шарттар менен таанышты. Жалпы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имаратта заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган. Андан соң сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров маданиятты сактап, ошол өнөрдү аздек тутуп, андан ары өнүктүрүүгө таланттуу жаштарды тарбиялоо – өзгөчө жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи. “Жаңы окуу корпусунун салынышы – бул улуттук маданиятыбызды өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү деген сөз”, - деди Президент жана окуу жайдын тарыхына кыскача токтолду. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн бул окуу жайга 1974-жылы элибиздин сыймыктуу кызы, улуттук балет өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган. 1993-жылы институттун курамынан Калый Молдобасанов атындагы консерватория өз алдынча окуу жай болуп бөлүнүп чыгышы – өлкөбүздөгү музыкалык билим берүүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү этаптарынан болгон. 2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн. “Өткөн жылы биздин алдыбызга мына ушундай алтымыш жылдык тарыхы бар, миңдеген таланттарды эл кызматына таптап чыгарган университеттин имарат жетишсиздигин чечүү маселеси коюлган. Анын үстүнө окуу жайдын жатакана тибиндеги окуу корпусу бүгүнкү замандын талаптарына да туура келбей калган экен. Мындан улам, былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бүгүн бардык шарттары түзүлгөн жаңы имарат таланттуу жаштарыбыз үчүн эшигин ачты”, - деди Садыр Жапаров.
-
edited 🎥 Президент Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин өлкө боюнча МИК аркылуу 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болот **** 🎥 Президент Садыр Жапаров: До конца года через ГИК по всей стране квартиры получат более 20 тыс. семей
-



+1
-



+6
-



+6
-
edited 🔹 Президент Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин өлкө боюнча МИК аркылуу 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болот Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. https://president.kg/kg/news/21/40857 **** 🔹 Президент Садыр Жапаров: До конца года через ГИК по всей стране квартиры получат более 20 тыс. семей Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял участие в торжественном открытии жилого комплекса «Асман Резиденс-1», построенного в городе Бишкек. https://president.kg/ru/news/21/40857
-
-
Подписан Указ «О мерах по обеспечению проведения свободных, честных и прозрачных выборов на должность Президента Кыргызской Республики 27 января 2027 года» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О мерах по обеспечению проведения свободных, честных и прозрачных выборов на должность Президента Кыргызской Республики 27 января 2027 года» (далее –Указ). Указ направлен на обеспечение законности и прозрачности избирательного процесса, соблюдение избирательных прав граждан и равных условий для всех участников выборов. Отдельное внимание уделено недопущению незаконного вмешательства государственных и муниципальных органов в выборы, а также использованию административных ресурсов в интересах отдельных участников. Так, категорически запрещается привлечение учителей и учащихся образовательных учреждений, преподавателей и студентов высших учебных заведений, работников органов социального обеспечения, персонала медицинских учреждений, сотрудников других государственных и муниципальных организаций, учреждений и предприятий, обслуживающих население, к предвыборной агитации в пользу каких-либо кандидатов; Кабинету Министров поручено незамедлительно привлекать к дисциплинарной ответственности, а в случае необходимости освобождать от занимаемой должности руководителей и должностных лиц органов исполнительной власти, правоохранительных органов, местных государственных администраций и органов местного самоуправления, сотрудников подведомственных организаций, учреждений и предприятий, незаконно участвующих в предвыборной агитации, а также использующих преимущества должностного или служебного положения в пользу любых кандидатов. Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов рекомендуется принять дополнительные меры для единообразного применения избирательного законодательства и информирования граждан. Также предусмотрены меры по обеспечению участия международных наблюдателей в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.
-
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду (мындан ары – Жарлык). Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат. Министрлер Кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча чаралар каралган.
-
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты. “Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында. **** Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Казахстана Касым-Жомарту Токаеву Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров выразил соболезнования Президенту Республики Казахстан Касым-Жомарту Токаеву в связи с трагическим происшествием, повлекшим гибель военнослужащих. «С глубоким прискорбием воспринял известие о гибели военнослужащих Вооруженных Сил Республики Казахстан в результате трагического происшествия во время проведения военных учений в Каспийском море. От имени народа Кыргызской Республики и от себя лично выражаю Вам, семьям, родным и близким погибших искренние соболезнования и слова поддержки в этот тяжелый момент. Желаю скорейшего выздоровления пострадавшим», - говорится в телеграмме Главы государства.
-
-
🔹Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Улутубуздун руханий өзөгү, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас – кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толду. Бул күн – элибиздин улуттук аң-сезимин, тарыхый эс тутумун жана руханий мурастарын сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата. Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири жетишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги. Урматтуу замандаштар! Бүгүнкү милдет – эне тилибизди сактап калуу менен гана чектелбестен, аны заман талабына ылайык өнүктүрүп, билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилиши өлкөнүн өнүгүү стратегиясындагы анын маанилүү ордун тастыктап турат. Ушул багытта мамлекеттик тилдин укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, тил мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүүгө багытталган бир топ иштер аткарылууда. Мындай иштер мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеп, анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптик ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Бүгүнкү күндө тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү. Жаңы технологиялардын кеңири жайылышы мамлекеттик тилибизди заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле илимий жана технологиялык ресурсу катары пайдалануу болуп саналат. Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Урматтуу мекендештер! Чындыгында эле, кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы. Андыктан баарыңыздарды Айкөл Манас атабыздын тилин таза сактоого, сабаттуу колдонууга жана өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга чакырам. Кыргыз тили – улуттун үнү, мамлекеттин өзөгү жана келечек муунга калтыра турган эң улуу мурасыбыз. Мамлекеттик тил майрамыңыздар кут болсун!”
-

-
edited 🇰🇬🇦🇹Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Австрии Александером Ван дер Белленом в Нью-Йорке Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 22 сентября, встретился с Федеральным Президентом Австрийской Республики Александером Ван дер Белленом на полях 81-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке. Стороны обсудили текущее состояние кыргызско-австрийских отношений и перспективы их дальнейшего развития в торгово-экономической, инвестиционной и финансовой сферах, а также акцентировали внимание на дальнейшем взаимодействии в рамках деятельности Совета Безопасности ООН. Президент Садыр Жапаров отметил важную роль кыргызско-австрийской межправительственной комиссии в продвижении экономического сотрудничества и выразил готовность провести ее очередное заседание в Бишкеке в следующем году. Он также подчеркнул заинтересованность Кыргызстана в развитии межбанковского взаимодействия, отметив, что установление прямых связей между банками двух стран создаст дополнительные возможности для расширения торговли и инвестиций. В этой связи Президент предложил рассмотреть возможности открытия корреспондентских счетов между банками Кыргызстана и Австрии, а также учреждения филиала одного из австрийских банков в Кыргызстане. Президент Австрии Александер Ван дер Беллен, в свою очередь отметил готовность австрийской стороны рассмотреть данные предложения и сообщил, что внесет данное предложение на изучение в Министерство финансов Австрии. Говоря об общих интересах Кыргызстана и Австрии, Александер Ван дер Беллен особо отметил значение гор и горных экосистем для обеих стран. Он подчеркнул важность совместных усилий по противодействию изменению климата и сохранению ледников, играющих важную роль в обеспечении водными ресурсами. В завершение встречи Президент Садыр Жапаров пригласил Александера Ван дер Беллена посетить Кыргызстан и принять участие во Втором глобальном горном саммите «Бишкек+25», который состоится в Бишкеке в октябре 2027 года под эгидой ООН.
-
edited 🇰🇬🇦🇹Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто Австриянын Президенти Александер Ван дер Беллен менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Александер Ван дер Беллен менен жолугушту. Тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды соода-экономикалык, инвестициялык жана финансылык тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишмердигинин алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттерге көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын кийинки жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан банктар аралык өз ара аракеттерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, эки өлкөнүн банктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү соода жана инвестицияларды кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө токтолду. Буга байланыштуу Президент Кыргызстан жана Австриянын банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу, ошондой эле австриялык банктардын биринин Кыргызстанда филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Австриянын Президенти Александер Ван дер Беллен өз кезегинде австриялык тарап бул сунуштарды карап чыгууга даяр экенин белгилеп, аталган сунушту Австриянын Финансы министрлигине кароого киргизерин билдирди. Кыргызстан менен Австриянын орток кызыкчылыктарына токтолгон Александер Ван дер Беллен эки өлкө үчүн тоолордун жана тоо экосистемаларынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана суу ресурстары менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон мөңгүлөрдү сактоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн айтты. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Александер Ван дер Белленди Кыргызстанга келип, 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында БУУнун колдоосунда өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине “Бишкек+25” катышууга чакырды.
- Older posts