Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
  1. Президент Садыр Жапаров посетил детский развлекательный центр «Баластан» в Таласе Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 сентября, в ходе рабочей поездки в Таласскую область посетил детский развлекательный центр «Баластан» в городе Талас. В начале мероприятия для Президента Садыра Жапарова и Первой леди Айгуль Жапаровой была представлена короткая концертная программа с участием детского танцевального ансамбля и юных комузистов, исполнивших күү «Маш ботой». Затем Президент посетил IT-школу, действующую при центре, где ему рассказали о возможностях обучения детей современным цифровым навыкам. «Баластан» представляет собой современное многофункциональное пространство для детей, где возможности для отдыха и развлечений сочетаются с обучением и всесторонним развитием. В основу деятельности центра заложен принцип «обучение через игру». Здесь созданы условия для развития логического мышления, творческих способностей, коммуникативных и социальных навыков детей, а также формирования интереса к новым знаниям и современным технологиям. На территории площадью 1,7 гектара размещены различные игровые и развивающие зоны, аттракционы, амфитеатр, мультимедийные пространства, а также STEAM-академия, где дети смогут получать знания и осваивать практические навыки в области науки, технологий, инженерии, искусства и математики. Центр оснащен интерактивными роботами, современными LED-экранами и мультимедийным оборудованием. Здесь также предусмотрены купольный многофункциональный зал, аттракционы и просмотровые помещения в форматах 6D и 9D. В ходе посещения Президент Садыр Жапаров осмотрел игровые, образовательные и развивающие зоны центра, а также возможности современного оборудования. Главе государства рассказали о концепции «Баластана», направленной на организацию содержательного досуга детей и создание условий для их интеллектуального, физического и творческого развития. Центр сможет одновременно принимать до 3400 детей. «Баластан» будет открыт для жителей Таласа и гостей города, предоставляя детям возможность не только интересно проводить свободное время, но и получать новые знания, развивать свои способности и осваивать современные навыки. На реализацию проекта из средств республиканского бюджета и Фонда развития Таласской области было выделено 1 млрд 750 млн сомов.

  2. Президент Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборуна барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборуна барды. Иш-чаранын башында Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн "Маш ботой" күүсүн аткарган балдар бий ансамблинин жана жаш комузчулардын катышуусунда чакан концерттик программа тартууланды. Андан соң Президент борбордогу IT-мектепти кыдырып, балдарды заманбап санариптик көндүмдөргө окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. “Баластан” балдар үчүн эс алуу жана оюн-зоок мүмкүнчүлүктөрү билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү менен айкалышкан заманбап көп функционалдуу жай болуп саналат. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизине “оюн аркылуу билим берүү” принциби коюлган. Бул жерде балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, баарлашуу жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы билимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттырууга шарттар түзүлгөн. 1,7 гектар аянтта ар кандай оюн жана өнүктүрүү зоналары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиялык мейкиндиктер, ошондой эле STEAM-академия жайгашкан. Анда балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрө алышат. Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиялык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы көрүү залдары каралган. Ачылыш аземинин жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров борбордун инфраструктурасы менен таанышып, оюн-зоок, билим берүү жана өнүктүрүү зоналарын көрүп чыкты. Ошондой эле заманбап жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Мамлекет башчысына борбордун концепциясы тууралуу маалымат берилип, анын негизги максаты балдардын убактысын мазмундуу өткөрүүсүн уюштуруу жана алардын интеллектуалдык, физикалык жана чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды. Борбор бир учурда 3 400 балага чейин кабыл ала алат. “Баластан” Талас шаарынын тургундары жана шаарга келген коноктор үчүн ачык болуп, балдарга бош убактысын кызыктуу өткөрүү менен бирге жаңы билимдерди алууга, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд 750 млн сом бөлүнгөн.

  3. 🔹 Президент Садыр Жапаров: Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз, өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. https://president.kg/ru/news/21/40778 ***** 🔹 Президент Садыр Жапаров: «Мы идем по пути строительства Нового Кыргызстана и взяли курс на превращение нашей страны в экономически сильное государство» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 сентября, выступил на мероприятии в городе Таласе, посвященном 35-летию независимости Кыргызской Республики. https://president.kg/kg/news/21/40778

  4. edited

    🎥 Президент Садыр Жапаров “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылышына катышты ************ 🎥 Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии новых объектов комплекса «Манас Ордо»

  5. edited

    🎥 Президент Садыр Жапаров Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты ********* 🎥 Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства нового стадиона в Таласе

  6. 🔹 Президент Садыр Жапаров Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 000 ашуун орунга ылайыкталганы айтылды. Объекттин ишке кириши менен аймактагы спорт инфраструктурасынын сапаты кескин жогорулап, футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгуулар жана мелдештерди, ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап жана коопсуз база түзүлөт. Мамлекет башчысы аймактарда спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү улуттун ден соолугун чыңдоого жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан туура тарбиялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин айтты. Объект менен таанышуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров стадиондун облус тургундары үчүн социалдык мааниси жогору экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал аткарылып жаткан бардык иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана спорт комплексин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү тапшырмасын койду. **** 🔹 Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства нового стадиона в Таласе Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 сентября, в ходе рабочей поездки в Таласскую область ознакомился с ходом строительства центрального стадиона в г. Талас. Министр строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Нурдан Орунтаев проинформировал Главу государства об основных параметрах и этапе реализации объекта. В частности, отмечено, что новый многофункциональный спортивный комплекс рассчитан на более чем 5000 мест. Ввод объекта в эксплуатацию позволит кардинально повысить качество спортивной инфраструктуры региона, создав современную и безопасную базу для тренировок и соревнований по футболу, легкой атлетике и другим видам спорта, а также для проведения крупных культурно-массовых мероприятий республиканского и международного уровней. Глава государства отметил, что создание условий для развития спорта в регионах является одним из ключевых направлений государственной политики, направленной на укрепление здоровья нации и гармоничное воспитание подрастающего поколения. По итогам осмотра объекта Президент Садыр Жапаров подчеркнул высокое социальное значение объекта для жителей области, и поставил задачу обеспечить высокое качество всех выполняемых работ, а также сдать спортивный комплекс в установленные сроки.

  7. 🔹 Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда, "Манас Ордо" улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү. Документке Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту. Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган. Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн АКШ долларын түзөт. Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. ***** 🔹 В Таласской области планируется строительство промышленного комплекса по доработке бензина и дизельной фракции В рамках мероприятий, посвященных 35-летию независимости Кыргызской Республики, в Национальном комплексе «Манас Ордо» сегодня, 11 сентября, состоялась церемония подписания меморандума о намерениях по разработке и реализации инвестиционного проекта в Таласской области. Документ подписали министр экономики и коммерции Кыргызской Республики Бакыт Сыдыков и директор казахстанской компании «QAZAQ BITUM Processing» Ержан Бейсебаев в присутствии Президента Садыра Жапарова. Меморандум предусматривает сотрудничество по подготовке проекта строительства промышленного комплекса по доработке прямогонного бензина и дизельной фракции, а также производству полимерно-модифицированного битума PG. Ориентировочный объем инвестиций в реализацию проекта составляет около 350 млн долларов США. Проект предусматривает привлечение инвестиций и современных технологий, расширение внутреннего производства и импортозамещение, а также дальнейшее развитие промышленного потенциала Таласской области.

  8. edited

    🎥 Президент Садыр Жапаров Таласта «Акылман» лицейинин мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери менен жолукту ******* 🎥 Президент Садыр Жапаров встретился с преподавателями и родителями учеников лицея «Акылман» в Таласе

  9. Older posts