Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборуна барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борборуна барды. Иш-чаранын башында Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн "Маш ботой" күүсүн аткарган балдар бий ансамблинин жана жаш комузчулардын катышуусунда чакан концерттик программа тартууланды. Андан соң Президент борбордогу IT-мектепти кыдырып, балдарды заманбап санариптик көндүмдөргө окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. “Баластан” балдар үчүн эс алуу жана оюн-зоок мүмкүнчүлүктөрү билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү менен айкалышкан заманбап көп функционалдуу жай болуп саналат. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизине “оюн аркылуу билим берүү” принциби коюлган. Бул жерде балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн, баарлашуу жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы билимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттырууга шарттар түзүлгөн. 1,7 гектар аянтта ар кандай оюн жана өнүктүрүү зоналары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиялык мейкиндиктер, ошондой эле STEAM-академия жайгашкан. Анда балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрө алышат. Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиялык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы көрүү залдары каралган. Ачылыш аземинин жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров борбордун инфраструктурасы менен таанышып, оюн-зоок, билим берүү жана өнүктүрүү зоналарын көрүп чыкты. Ошондой эле заманбап жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Мамлекет башчысына борбордун концепциясы тууралуу маалымат берилип, анын негизги максаты балдардын убактысын мазмундуу өткөрүүсүн уюштуруу жана алардын интеллектуалдык, физикалык жана чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды. Борбор бир учурда 3 400 балага чейин кабыл ала алат. “Баластан” Талас шаарынын тургундары жана шаарга келген коноктор үчүн ачык болуп, балдарга бош убактысын кызыктуу өткөрүү менен бирге жаңы билимдерди алууга, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 млрд 750 млн сом бөлүнгөн.

Views over time

05001K11 Sep 16:3111 Nov 05:031K11 Sep 16:31: 0 views11 Nov 05:03: 1,030 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Sep 2026, 16:310
11 Nov 2026, 05:031K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.