🌹🇰🇬 Русский дом в Оше поздравляет жителей и гостей южной столицы Кыргызстана с Днём города Ош! Ош — один из древнейших городов Центральной Азии, история которого насчитывает более 3000 лет. На протяжении веков здесь формировались богатые культурные традиции, сохранялось историческое наследие, а представители разных национальностей жили и развивались рядом друг с другом. 🌍🤝 Сегодня Ош связан побратимскими узами с 25 городами из 7 стран мира. Особое место среди них занимают российские города — Новосибирск, Владивосток, Санкт-Петербург, Ярославль и Ростов-на-Дону. Эти связи способствуют укреплению дружбы между народами, развитию культурного обмена и реализации совместных инициатив. 🇷🇺🇰🇬 В этот праздничный день желаем Ошу дальнейшего развития и процветания, укрепления дружбы и сотрудничества с российскими и зарубежными городами-партнёрами. Желаем всем жителям города мира, здоровья, счастья и благополучия. Пусть Ош, сохраняя своё богатое историческое и культурное наследие, уверенно смотрит в будущее и остаётся городом мира, согласия и добрососедства. 🎉 С Днём рождения, Ош! С уважением, Русский дом в Оше * * * * 🌹🇰🇬 Оштогу Орус үйү Кыргызстандын түштүк борборунун тургундарын жана конокторун Ош шаарынын күнү менен куттуктайт! Ош — Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири, анын тарыхы 3000 жылдан ашуун убакытты камтыйт. Кылымдар бою бул жерде бай маданий салттар калыптанып, тарыхый мурас сакталып, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү ынтымакта жанаша жашап, өнүгүп келишкен. 🌍🤝 Бүгүнкү күндө Ош шаары дүйнөнүн 7 өлкөсүндөгү 25 шаар менен боордоштук байланыштарды түзгөн. Алардын арасында Россиянын Новосибирск, Владивосток, Санкт-Петербург, Ярославль жана Ростов-на-Дону шаарлары өзгөчө орунду ээлейт. Бул байланыштар элдердин ортосундагы достукту чыңдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт. 🇷🇺🇰🇬 Ушул майрамдык күнү Ош шаарына мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү, Россиянын жана чет өлкөлөрдүн шаарлары менен достук жана кызматташтык байланыштарынын мындан ары да бекемделишин каалайбыз. Шаардын бардык тургундарына тынчтык, чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз. Ош өзүнүн бай тарыхый жана маданий мурасын сактоо менен келечекке ишенимдүү кадам таштап, тынчтыктын, ынтымактын жана коңшулук мамиленин шаары болуп кала берсин. 🎉 Туулган күнүң менен, Ош Урматтоо менен, Оштогу Орус үйү