Президент Садыр Жапаров Аксы районунун эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы облустун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер тууралуу айтып берди. Каражаттар мектептерди, медициналык мекемелерди, турак жай комплекстерин, жолдорду, ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригация системаларын курууга жана оңдоого багытталууда. Мындан тышкары, аймакта бала бакчаларды, маданият, спорт жана саламаттык сактоо мекемелерин камтыган социалдык объектилерде курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Президент Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына өзүнчө токтолду. “2021-жылы Аксы районунун бюджетинин көлөмү 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 308 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге жакын көбөйгөн. Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 355 млн сом акча каражаты каралып, 2026-жылдын 1-октябрына карата 347 млн сом бөлүнүп берилген. Аксы районунда соңку беш жылда жалпы 125 чакырым ички жол асфальтталды. Анын ичинен 2026-жылы 30 чакырым жолго асфальт басылды. Ошондой эле Сары-Челек жана Падыша-Ата туристтик аймактарына алып баруучу жолдор оңдолду”, - деди Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы билим берүү системасын модернизациялоо жана окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү, ошондой эле жаштар үчүн спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди да белгиледи. Анын ичинде республиканын айылдарында мини-футбол аянтчаларын куруу уланууда. Ал райондо энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине да өзүнчө токтолду. “Аксы районунда да чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү иштер аткарылды. Кубаттуулугу 0,5 МВт болгон «Тосту» жана 4,75 МВт болгон «Аксы» ГЭСтери ишке киргизилди”, - деди Президент жана келерки жылы Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору куруларын кошумчалады. Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштерге токтолуп, Кербен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай комплексинин курулушу уланып жатканын айтты. Ошондой эле Аксы районунун тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана кайрак жерлерди өздөштүрүү маселелерине токтолду. Мындан тышкары, Президент айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын, анын ичинде фермерлерге чарбаларын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү иштерин белгиледи. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
КР Президентинин Администрациясынын расмий Telegram-каналы Официальный Telegram-канал Администрации Президента КР
-
-
edited Президент Садыр Жапаров жогорку дипломатиялык ранг ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Турсункулов Кайрат Эркиновичке, Букалаев Алмаз Камчибековичке жана Мусаева Актилек Ишенгазыевнага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды. ***** Президент Садыр Жапаров подписал Указ о присвоении высшего дипломатического ранга Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому, в соответствии с пунктом 2 части 10 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Кайрату Турсункулову, Алмазу Букалаеву и Актилек Мусаевой присвоен дипломатический ранг Чрезвычайного и Полномочного Посланника Кыргызской Республики.
-
Президент Садыр Жапаров ознакомился с социально-экономическим развитием Аксыйского района Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область ознакомился с результатами социально-экономического развития Аксыйского района за 2021-2026 годы, реализованными проектами и планами дальнейшего развития. Главу государства проинформировали, что в Аксыйском районе за данный период введены в эксплуатацию 78 объектов за счет государственных и частных инвестиций. За счет государственных инвестиций введены в эксплуатацию 65 объектов. Объем капитальных вложений составил 3 млрд 435,7 млн сомов. В числе реализованных объектов — 10 школ, 15 детских садов, 1 дом культуры, 1 аэропорт, 11 спортивных объектов, 10 фельдшерско-акушерских пунктов (ФАП), 3 административных здания, 6 служебных домов и другие. Кроме того, за указанный период проведено асфальтирование 178 км дорог. За счет частных инвестиций введены в эксплуатацию 13 объектов. Объем привлеченных инвестиций составил 888,3 млн сомов. Среди них — 1 швейный завод, 3 объекта в сфере туризма, 2 малые гидроэлектростанции (ГЭС), 1 швейный цех и другие. Кроме того, в районе продолжается реализация инфраструктурных проектов в сфере строительства, ирригации и энергетики. Так, в настоящее время ведется строительство 11 школ, 2 детских садов, 4 спортивных объектов и 4 административных зданий. Кроме того, реализуются проекты по строительству канализационных и очистных сооружений, асфальтированию 26 км дорог, а также замене труб насосной станции «Жел-Тийбес» протяженностью 5,6 км и другие. В 2021–2026 годах на развитие ирригационной системы предусмотрено 378,3 млн сомов. В том числе в 2026 году на эти цели направлено 172,7 млн сомов. Особое внимание уделяется расширению площади орошаемых земель. В результате реализации запланированных мероприятий площадь орошаемых земель увеличится с 7 400 до 8 050 гектаров. В сфере энергетики запланирована реализация проекта по строительству солнечной электростанции мощностью 250 МВт. Проект планируется реализовать на участке Сары-Жайык айылного аймака Кош-Дөбө с участием ОсОО «Новтек Технология». Для реализации проекта предусмотрен земельный участок площадью 364,4 гектара. Объем инвестиций составит 120 млн долларов США. В Аксыском районе продолжается строительство Ак-Терекского канала в рамках Государственной программы развития ирригации в Кыргызской Республике на 2017–2026 годы. Общая стоимость проекта составляет 900 млн сомов. Завершение строительных работ запланировано на IV квартал 2026 года. В результате реализации проекта орошаемая площадь составит 4 408 гектаров. Общая протяженность канала составляет 7,4 км, в том числе длина тоннеля — 2,44 км. Проектная пропускная способность канала составляет 9 кубических метров воды в секунду. Реализация проекта направлена на развитие ирригационной инфраструктуры, улучшение водообеспечения сельскохозяйственных земель и создание условий для повышения эффективности сельскохозяйственного производства в регионе. Кроме того, в этом районе реализуются проекты, направленные на улучшение транспортной доступности туристических объектов, развитие приграничной инфраструктуры и модернизацию торговых площадок.
-



+1
-
Президент Садыр Жапаров Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына Аксы районунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен 78 объект пайдаланууга берилгени маалымдалды. Мамлекеттик инвестициялардын эсебинен 65 объект пайдаланууга берилген. Капиталдык салымдардын көлөмү 3 млрд 435,7 млн сомду түзгөн. Ишке ашырылган объектилердин катарында 10 мектеп, 15 бала бакча, 1 маданият үйү, 1 аэропорт, 11 спорттук объект, 10 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), 3 административдик имарат, 6 кызматтык үй жана башка объектилер бар. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мезгил ичинде 178 чакырым жол асфальтталган. Жеке инвестициялардын эсебинен 13 объект пайдаланууга берилген. Тартылган инвестициялардын көлөмү 888,3 млн сомду түздү. Алардын катарында 1 тигүү фабрикасы, туризм тармагындагы 3 объект, 2 чакан гидроэлектр станциясы (ГЭС), 1 тигүү цехи жана башка объектилер бар. Мындан тышкары, райондо курулуш, ирригация жана энергетика тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Учурда 11 мектептин, 2 бала бакчанын, 4 спорттук объекттин жана 4 административдик имараттын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле канализациялык жана тазалоочу курулмаларды куруу, 26 чакырым жолду асфальттоо, «Жел-Тийбес» насостук станциясынын узундугу 5,6 чакырымды түзгөн түтүктөрүн алмаштыруу жана башка долбоорлор ишке ашырылууда. 2021–2026-жылдары ирригациялык системаны өнүктүрүүгө 378,3 млн сом каралган. Анын ичинде 2026-жылы бул максаттарга 172,7 млн сом бөлүнгөн. Сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Пландалган иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында сугат жерлеринин аянты 7 400 гектардан 8 050 гектарга чейин көбөйөт. Энергетика тармагында кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Долбоорду Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Жайык участогунда «Новтек Технология» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашыруу пландалган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 364,4 гектар жер тилкеси каралган. Инвестициялардын көлөмү 120 млн АКШ долларын түзөт. Аксы районунда Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүүнүн 2017–2026-жылдарга карата мамлекеттик программасынын алкагында Ак-Терек каналын куруу уланууда. Долбоордун жалпы наркы 900 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин 2026-жылдын IV кварталында аяктоо пландалган. Долбоор ишке ашырылгандан кийин сугат жерлеринин аянты 4 408 гектарды түзөт. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды, анын ичинде тоннелдин узундугу 2,44 чакырымды түзөт. Каналдын долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 9 куб метр сууну түзөт. Долбоорду ишке ашыруу ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга жана аймакта айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, райондо туристтик объектилерге транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, чек арага чектеш инфраструктураны өнүктүрүүгө жана соода аянтчаларын модернизациялоого багытталган долбоорлор ишке ашырылууда.
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди. 2-бөлүк ***** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Таш-Кумыра и Кара-Куля. 2 часть
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди. 1-бөлүк ****** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Таш-Кумыра и Кара-Куля. 1 часть
-
edited Президент Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районундагы зилзаладан адамдардын каза болушуна байланыштуу КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында. ****** Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Председателю КНР Си Цзиньпину в связи с жертвами землетрясения в Тибетском автономном районе Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров направил Председателю Китайской Народной Республики Си Цзиньпину телеграмму с соболезнованиями в связи с гибелью людей в результате землетрясения в Тибетском автономном районе. «Выражаю глубокие соболезнования от имени народа Кыргызстана и от себя лично семьям и близким погибших, разделяю их боль и скорбь, а также желаю скорейшего выздоровления всем пострадавшим», - говорится в послании Главы государства.
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушту. 2-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с жителями Ноокенского района и города Майлуу-Суу. 2 часть
-
edited 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушту. 1-бөлүк *** 🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров встретился с жителями Ноокенского района и города Майлуу-Суу. 1 часть
-
Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей Таш-Кумыра и Кара-Куля Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, в ходе рабочей поездки по Джалал-Абадской области ответил на вопросы с жителями городов Таш-Кумыр и Кара-Куль. В ходе встречи жители подняли вопросы пенсионного обеспечения, жилищных условий, имущественных споров, судебных разбирательств, трудовых прав и доступности социальных услуг. Президент выслушал обращения граждан и поручил соответствующим государственным органам изучить обозначенные проблемы, объективно рассмотреть представленные материалы и принять меры в рамках законодательства. Также обсуждались вопросы развития жилищного строительства, улучшения медицинского обслуживания и спортивной инфраструктуры. Президент поручил профильным ведомствам проработать предложения жителей. В ходе встречи Садыр Жапаров подчеркнул важность открытого диалога с населением и оперативного реагирования на проблемы граждан, отметив, что работа государственных органов должна быть направлена на решение конкретных вопросов, волнующих людей.
-



+6
-



+6
-
Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жолугушуу учурунда жашоочулар пенсия менен камсыздоо, турак жай шарттары, мүлктүк талаш-тартыштар, соттук териштирүүлөр, эмгек укуктары жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү. Президент жарандардын кайрылууларын угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган көйгөйлөрдү изилдеп чыгууну, сунушталган материалдарды объективдүү кароону жана мыйзам алкагында чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле турак жай курулушун өнүктүрүү, медициналык тейлөөнү жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды. Президент тиешелүү ведомстволорго тургундардын сунуштарын иштеп чыгууну милдеттендирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров калк менен ачык диалог жүргүзүүнүн жана жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын иши адамдарды түйшөлткөн конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталышы керектигин белгиледи.
-
Президент Садыр Жапаров встретился с жителями городов Таш-Кумыр и Кара-Куль Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область встретился с активом и жителями городов Таш-Кумыр и Кара-Куль. В своем выступлении Глава государства сообщил, что в 2021 году объем собственных доходов города Таш-Кумыр составлял 114,9 млн сомов, а в 2025 году утвержденный объем доходов достиг 125 млн сомов. Кроме того, из республиканского бюджета городу было выделено 389,9 млн сомов. Таким образом, по итогам 2025 года общий объем доходов города составил 515 млн сомов. Говоря о городе Кара-Куль, Президент отметил, что объем собственных доходов города увеличился со 112 млн сомов в 2021 году до 262 млн сомов в 2025 году, то есть в 2,3 раза. Дополнительно из республиканского бюджета было выделено 319 млн сомов, в результате чего общий объем доходов города по итогам 2025 года составил 581 млн сомов. Глава государства также сообщил о начале работ по реконструкции Курпсайской ГЭС. «Ровно год назад я принимал участие в открытии новой гидроэлектростанции мощностью 18 мегаватт в городе Кара-Куль. Сегодня эта станция вносит свой вклад в производство электроэнергии в нашей стране. Это еще один конкретный результат освоения гидроэнергетического потенциала региона. Кроме того, реализуются проект строительства Камбаратинской ГЭС-1 и проект ввода в эксплуатацию второго гидроагрегата Камбаратинской ГЭС-2. Главная цель всей этой работы - увеличение объемов производства электроэнергии, обеспечение населения и предприятий надежным электроснабжением, а также создание условий для экономического роста нашей страны», - сказал Президент. Глава государства подчеркнул, что Таш-Кумыр является одним из промышленных центров Джалал-Абадской области. Продолжается работа по развитию действующих предприятий и созданию новых производств. В частности, общественный фонд «Таш-Кумыр» реализует проект по добыче и переработке угля. Открытие предприятия планируется до конца 2026 года. Отдельное внимание Президент уделил вопросам обеспечения населения жильем и развития социальной инфраструктуры. В рамках государственной жилищной программы «Мой дом» в Джалал-Абадской области в очереди на получение жилья состоят 9 183 гражданина. С 2025 года при содействии Государственной ипотечной компании жильем обеспечены 2 779 семей. Сейчас в области ведется строительство 15 жилых комплексов общей вместимостью 12 532 квартиры, в том числе жилого комплекса на 180 квартир в городе Кара-Куль. Среди приоритетных задач Глава государства также выделил строительство и ремонт школ, детских садов и домов культуры, а также обеспечение населения чистой питьевой водой. Он отметил, что поставлена цель полностью решить вопрос обеспеченности школами до 2028 года, после чего основное внимание будет уделено детским садам и домам культуры. Работа по модернизации водопроводных сетей и улучшению питьевого водоснабжения будет продолжена. В завершение встречи общение продолжилось в формате вопросов и ответов.
-


-
Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө 2021-жылы Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 114,9 млн сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылы бекитилген кирешелер көлөмү 125 млн сомго жеткенин билдирди. Мындан тышкары, шаарга республикалык бюджеттен 389,9 млн сом бөлүнгөн. Ошентип, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын кирешелеринин жалпы көлөмү 515 млн сомду түзгөн. Кара-Көл шаары тууралуу сөз кылып жатып, Президент шаардын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 2021-жылдагы 112 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин, башкача айтканда, 2,3 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Кошумча республикалык бюджеттен 319 млн сом бөлүнүп, натыйжада 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын жалпы кирешелеринин көлөмү 581 млн сомду түзгөн. Мамлекет башчысы Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын да маалымдады. “Мындан туура бир жыл мурда мен Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышкам. Бүгүн бул станция өлкөбүздө электр энергиясын өндүрүүгө өз салымын кошуп жатат. Бул – аймактын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүнүн дагы бир конкреттүү натыйжасы. Ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жүзөгө ашырылууда. Бул иштердин баарынын негизги максаты – электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү”, - деди Президент. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад облусунун өнөр жай борборлорунун бири экенин өзгөчө белгиледи. Иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча иштер уланууда. Атап айтканда, «Таш-Көмүр» коомдук фонду көмүр казып алуу жана кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууда. Ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Президент калкты турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алууга кезекте турат. 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көмөгү менен 2 779 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Учурда облуста жалпы 12 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Алардын катарында Кара-Көл шаарындагы 180 батирлүү турак жай комплекси да бар. Мамлекет башчысы артыкчылыктуу милдеттердин катарында мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу жана оңдоо, ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин белгиледи. Ал 2028-жылга чейин мектептер менен камсыздоо маселесин толук чечүү максаты коюлганын, андан кийин негизги көңүл бала бакчаларга жана маданият үйлөрүнө буруларын айтты. Суу түтүктөрүнүн тармактарын модернизациялоо жана ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу иштери улантылат. Жолугушуунун соңунда баарлашуу суроо-жооп форматында уланды.
-



+1
-
edited Президент Садыр Жапаров ознакомился с социально-экономическим развитием городов Таш-Кумыр и Кара-Куль Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 23 октября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область ознакомился с результатами социально-экономического развития городов Таш-Кумыр и Кара-Куль за 2021–2026 годы, реализованными проектами и планами дальнейшего развития. Как информировали Главу государства, в 2021–2026 годах в Таш-Кумыре проведена реконструкция центрального стадиона «Шахтер» вместимостью 3 975 мест. В городе введены в эксплуатацию новые и обновленные объекты спортивной и культурной инфраструктуры, в том числе боксерский зал в северной части города, новое здание детской школы искусств и спортивный зал школы № 9 имени А. Пушкина. Проведен ремонт здания городского управления градостроительства и архитектуры. За счет средств Стабилизационного фонда Президента Кыргызской Республики выделено финансирование на развитие города, включая асфальтирование внутренних дорог и строительство спортивного комплекса, парка отдыха и городской центральной больницы. Для коммунальных служб приобретено 11 единиц специализированной техники. Также ведутся работы по улучшению дорожной инфраструктуры. В настоящее время в городе продолжается строительство ряда социальных объектов, в том числе спортивного комплекса, парка отдыха и центральной городской больницы на 150 мест. Кроме того, частные инвесторы реализуют проекты по созданию промышленных предприятий. В частности, ведется строительство завода по переработке угля «ОФ Таш-Кумыр» с объемом инвестиций около 1,5 млн долларов США. Ввод предприятия в эксплуатацию запланирован на конец 2026 года. Также продолжается строительство цементного завода «ЮгЕвроЦемент» с объемом инвестиций 70 млн долларов США. Запуск предприятия намечен на 2027 год. Среди актуальных вопросов дальнейшего развития города обозначены реализация концепции создания туристической зоны на берегу реки и проект подачи чистой питьевой воды из Курп-Сая в Таш-Кумыр. В Кара-Куле в 2021–2026 годах построены две площадки для мини-футбола, заасфальтировано 13,5 км внутренних дорог и обустроено 1,58 км новых тротуаров. Введены в эксплуатацию новый детский сад и школа, построено новое административное здание городского отдела внутренних дел. Также сдан в эксплуатацию многоквартирный жилой дом на 32 квартиры и возведено новое административное здание ОАО «Электрические станции». В городе открыто предприятие по переработке рыбы «Аква Сервис», а также введена в эксплуатацию малая Кара-Кульская ГЭС. В 2026 году начато строительство двух малых гидроэлектростанций — Кок-Бельской и Кайыңдинской. Продолжается строительство многоквартирного жилого дома для сотрудников милиции и капитальный ремонт Центра общей врачебной практики. Кроме того, ведутся работы по благоустройству «Аллеи молодежи» и ремонту центральной городской лестницы. За счет стимулирующих грантов реализуются 11 проектов общей стоимостью 40,4 млн сомов. Государственная ипотечная компания приступила к строительству многоквартирных жилых домов. В качестве перспективных направлений развития Кара-Куля определены формирование регионального и международного образовательного кластера, развитие промышленного производства и активного туризма на государственном уровне, создание транзитно-сервисного хаба, а также формирование единого зеленого каркаса города и обновление инженерной инфраструктуры.
-
🔹Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021–2026-жылдары Таш-Көмүр шаарында 3 975 орунга ылайыкталган «Шахтёр» борбордук стадиону реконструкцияланган. Шаарда спорттук жана маданий инфраструктуранын жаңы жана жаңыланган объектилери пайдаланууга берилген. Алардын катарында шаардын түндүк бөлүгүндөгү бокс залы, балдардын искусство мектебинин жаңы имараты жана А. Пушкин атындагы № 9 мектептин спорт залы бар. Ошондой эле шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараты оңдолгон. Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен шаарды өнүктүрүүгө, анын ичинде ички жолдорду асфальттоого, спорт комплексин, эс алуу паркын жана шаардык борбордук оорукананы курууга каражат бөлүнгөн. Коммуналдык кызматтар үчүн атайын багыттагы 11 техника сатып алынган. Мындан тышкары, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда шаарда бир катар социалдык объектилердин, анын ичинде спорт комплексинин, эс алуу паркынын жана 150 орундуу шаардык борбордук оорукананын курулушу уланууда. Мындан тышкары, жеке инвесторлор өнөр жай ишканаларын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Тактап айтканда, инвестициянын көлөмү болжол менен 1,5 млн АКШ долларын түзгөн «Таш-Көмүр КФ» көмүрдү кайра иштетүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат. Ишкананы 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Ошондой эле инвестициянын көлөмү 70 млн АКШ долларын түзгөн «ЮгЕвроЦемент» цемент заводунун курулушу уланууда. Ишкананы 2027-жылы ишке киргизүү пландалган. Шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелеринин катарында дарыянын жээгинде туристтик аймак түзүү концепциясын ишке ашыруу жана Курп-Сайдан Таш-Көмүргө таза ичүүчү суу жеткирүү долбоору белгиленди. Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары мини-футбол үчүн эки аянтча курулуп, 13,5 чакырым ички жол асфальтталган жана 1,58 чакырым жаңы тротуар салынган. Жаңы бала бакча жана мектеп пайдаланууга берилип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы административдик имараты курулган. Ошондой эле 32 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилип, «Электр станциялары» ААКтын жаңы административдик имараты тургузулду. Шаарда «Аква Сервис» балыкты кайра иштетүүчү ишканасы ачылып, чакан Кара-Көл ГЭСи да пайдаланууга берилген. 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталган. Милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жана Жалпы дарыгерлик практика борборун капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мындан тышкары, «Жаштар аллеясын» көрктөндүрүү жана шаардын борбордук тепкичин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Стимулдаштыруучу гранттардын эсебинен жалпы наркы 40,4 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда. Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун баштады. Кара-Көл шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары катары аймактык жана эл аралык билим берүү кластерин түзүү, мамлекеттик деңгээлде өнөр жай өндүрүшүн жана активдүү туризмди өнүктүрүү, транзиттик-сервистик хаб түзүү, ошондой эле шаардын бирдиктүү жашыл каркасын калыптандыруу жана инженердик инфраструктурасын жаңылоо белгиленди.
- Older posts