Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.9K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.9K +0 24h
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 12.5/day last 20 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын эли менен жолукту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, инфраструктурага жана жергиликтүү калктын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди көтөрүштү. Тактап айтканда, темир жолдун бир бутагын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын тартуу, тоо ашуусунда жол куруу, ипотекалык турак жай берүү, ошондой эле жер талаштарын жөнгө салуу маселелери козголду. Мындан тышкары, тургундар тарыхый эстеликтерди сактоо, спортту колдоо жана спорттук объектилерди куруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү инфраструктура түзүү зарылдыгына көңүл бурушту. Ошондой эле Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча сунуштарын айтышты. Кайрылуулардын арасында мунапыс берүү, алдамчылык фактылары жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу өтүнүчтөр да билдирилди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин басаңдатпоо чакырыгы айтылды. Буга жооп катары Президент уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш мындан ары дагы күчөтүлөрүн белгилеп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыздоо жаатындагы өлкөнүн имиджи кыйла жакшырып, натыйжасында туристтердин жана инвестициялардын агымы өстү. Жарандардын кайрылууларын угуп, Президент Садыр Жапаров аткаруу жана сот органдарынын өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди тыкыр карап чыгып, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Views over time

020040060013 Nov 09:2113 Nov 10:5157213 Nov 09:21: 0 views13 Nov 10:51: 572 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
13 Nov 2026, 09:210
13 Nov 2026, 10:51572

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.