🔹 Президент Садыр Жапаров Москва районунун эли менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Москва районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө райондун тургундары Мамлекет башчысына коомдук турмуштун ар кандай тармактарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылып, ошондой эле мамлекеттик органдардын көңүл буруусун жана көмөк көрсөтүүсүн талап кылган көйгөйлөрдү белгилешти. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө жана жер тилкелерине укукту ырастоочу документтерди тариздөө маселелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, мүлктү бөлүштүрүүгө, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүүгө, анын ичинде алимент төлөөгө жана башка маселелерге байланыштуу кайрылышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана тармактык мекемелерге келип түшкөн бардык кайрылууларды кылдат иликтеп чыгып, алардын объективдүү жана ар тараптуу каралышын камсыздоону тапшырды.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
−100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.6%1.1K avg views
Posting
11.1/day
last 12 hours ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 8 Nov 2026, 07:13 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 815 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.