Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 7-ноябрда, кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады. Мамлекеттик катчынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бул күндөрү – калайык-калкыбыздын кылымдарды карыткан тарыхына таазим этип, өткөнүбүзгө саресеп салып, эртеңки келечегибизди таразалаган эң касиеттүү учур. Ар бир улуттун өзүн таанышы, улут катары сакталып калышы түпкүрдөн келе жаткан тарыхый эс тутумга жана улуттук эркиндик үчүн күрөшкөн баатыр бабалардын мурасына таянат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүш тарыхыоңой жол менен келген жок. Ата-бабаларыбыз мекен үчүн, элибиздин эркиндиги жана келечеги үчүн канын да, жанын да аяган эмес. Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти. Өзгөчө, 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуясы – элибиздин эс тутумунда эч качан өчпөй турган, касиеттүү эркиндик үчүн төгүлгөн кандын жана улуу кайгынын жышааны. Ошол оор күндөр баштаган сыноолордо башын жерге салбай, туусун жыкпай,мамлекеттүүлүк үчүн аракет жасап өткөн мекенчил бабаларыбыздын эрдиги биз үчүн түбөлүктүү сабак жана сыймык! Андан кийинки советтик доордун алгачкы жылдарында мамлекеттүүлүктү куруунун жаңыэтабын ачышкан жана азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар – Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовсыяктуу улуттук лидерлер, алардын үзөңгүлөштөрү түптөгөн пайдубал бүгүнкү көз карандысыз Кыргыз Республикасынын курулушуна негиз болду. Бирок калың элдин мүдөөсүн жана эркин келечегин көксөгөн аталар көп узабай совет өкмөтүнүн катаал мезгилинде, репрессия курмандыгы болушту. Алардын ысымдары менен тагдырлары – биздин эч качан унутулгус кайгыбыз жана абийирибиз. Урматтуу замандаштар! Бүгүнкү тынч, эркин жана өнүгүп жаткан Кыргызстан – өткөн ата-бабалардын кыялы, алар үчүн жумшалган эмгектин жана канын төккөн эрдиктин жемиши. Биз тарыхыбыздын белгисизбеттерин да, жаркын барактарын да кабыл алып, андан сабак чыгарууга тийишпиз. Өткөнгө таазим кылуу – келечекке болгон жоопкерчиликти сезүү дегенди билдирет. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, береке, ал эми касиеттүү Кыргыз жергебизге биримдик, өнүгүү жана бейпилдик каалаймын! Тарыхыбыз түбөлүктүү, мамлекетибиз бекем болсун!”.

Views over time

05001K1.5K7 Nov 02:5811 Nov 05:031.2K7 Nov 02:58: 0 views11 Nov 05:03: 1,160 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
7 Nov 2026, 02:580
11 Nov 2026, 05:031.2K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.