Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун эли менен жолугушуу өткөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун тургундары менен жолукту. Ачык диалогдун жүрүшүндө жарандар Мамлекет башчысына коомдук турмуштун ар кандай тармактарына тийиштүү маселелер боюнча кайрылып, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө жеке мүнөздөгү маселелер да, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу темалары да, анын ичинде социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана спорт объектилерин куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак жай менен камсыздоо, ошондой эле жер жана мүлк талаштары козголду. Мындан тышкары, тургундар мунапыс, кылмыш иштерин кароо жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылышты. Президент Садыр Жапаров ар бир кайрылууну кылдат жана ар тараптуу кароо зарылдыгын баса белгилеп, тармактык министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди.

Views over time

05001K6 Nov 11:5411 Nov 05:031K6 Nov 11:54: 0 views11 Nov 05:03: 1,020 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
6 Nov 2026, 11:540
11 Nov 2026, 05:031K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.