Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймактын актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен таанышты. Мамлекет башчысына сунушталган маалыматтарга ылайык, 2021-жылдан тартып 2026-жылдын сентябрь айына чейин райондо 41 ири ишкана, чакан жана орто бизнестин 189 субъекти ачылган. Жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйгөн. Ири инвестициялык долбоорлордун катарында “Манас Моторс” авто-логистикалык борбору, “Айнекстан” эшик-терезе өндүрүүчү заводу, “Биовит” фармацевтикалык заводу жана “Вилби” балыкты кайра иштетүү ишканасы белгиленди. Келечектүү долбоорлордун катарында логистикалык борборлорду, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүчү заводду куруу бар. Энергетика тармагында 2021-2026-жылдары жалпы кубаттуулугу 21,4 МВт болгон төрт чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Ушул эле мезгилде 167 км автомобиль жолуна асфальт төшөлүп, 27 км тротуар курулду. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жана санитария тутумдарын өнүктүрүү максатында 26 айылда “Тунук Суу” долбоору ишке ашырылууда. Мамлекеттик лизинг компаниясынын колдоосу менен муниципалдык ишканалар үчүн 31 техника, айыл чарба тармагы үчүн 116 техника сатып алынган. Акыркы жылдары райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект, 16 медициналык имарат, 6 парк жана 3 социалдык шаарча курулган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен эки мектептин жана эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, дагы үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, 300 орундуу оорукананын курулушу улантылууда. Ошону менен бирге презентациянын жүрүшүндө кошумча каржылоону талап кылган бир катар актуалдуу маселелер белгиленди. Атап айтканда, райондо үч тазалоочу курулманы куруу маселеси айтылды. Ошондой эле автоунаа тетиктерин сатуучу муниципалдык базар куруу зарылдыгы белгиленди. Инженердик-коммуникациялык жана социалдык инфраструктура менен камсыздоо зарыл болгон“Семетей” жаңы турак жай конушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Views over time

05001K6 Nov 08:5811 Nov 05:031K6 Nov 08:58: 0 views11 Nov 05:03: 1,010 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
6 Nov 2026, 08:580
11 Nov 2026, 05:031K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.