Президент Садыр Жапаров Грузия парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвилини кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Грузия парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту. Жолугушууда парламенттер аралык дипломатияны чыңдоо маселелери, ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Түштүк Кавказ өлкөлөрү, анын ичинде Грузия менен кызматташуу өлкөнүн тышкы саясий багытында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын баса белгиледи. Садыр Жапаров бул сапар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын айгинелей турганын айтты. Президент парламенттер аралык кызматташтык кыргыз-грузин мамилелеринде өзгөчө орунду ээлей турганына токтолду. Ушуга байланыштуу тармактык комитеттердин, биринчи кезекте эл аралык иштер боюнча комитеттердин, ошондой эле достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарыл. Ошону менен бирге Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү келечектүү багыттар катары белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Өз кезегинде Грузия парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын чоң потенциалы бар экенин жана аны өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал бул сапары кыргыз-грузин байланыштарын чыңдоого жана кызматташууну кеңири багыттар боюнча кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди. Шалва Папуашвили эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык парламенттик аянтчалардын алкагында да парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. ****** Президент Садыр Жапаров принял Председателя парламента Грузии Шалву Папуашвили Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 4 ноября, встретился с Председателем парламента Грузии Шалвой Папуашвили, прибывшим в страну с официальным визитом. Состоялся обмен мнениями по вопросам укрепления межпарламентской дипломатии, а также актуальным темам двусторонней, региональной и международной повесток. Глава государства подчеркнул, что сотрудничество со странами Южного Кавказа, в том числе с Грузией, занимает одно из приоритетных мест во внешнеполитическом курсе страны. Садыр Жапаров отметил, что данный визит свидетельствует о поступательном развитии политического диалога между Кыргызстаном и Грузией. Президент акцентировал, что особое место в кыргызско-грузинских отношениях занимает также парламентское взаимодействие. В этой связи необходимо активизировать взаимодействие профильных комитетов, в первую очередь по международным делам, а также групп дружбы. Вместе с тем Садыр Жапаров отметил важность расширения практического сотрудничества между двумя странами, выделив в качестве перспективных направлений, развитие транспортно-логистических связей и туризма. В свою очередь, Председатель парламента Грузии Шалва Папуашвили поблагодарил Президента Садыра Жапарова за теплый прием и гостеприимство, подчеркнув, что сотрудничество между странами имеет большой потенциал, который необходимо развивать. Он выразил уверенность, что его визит будет способствовать укреплению кыргызско-грузинских связей и расширению взаимодействия по широкому спектру направлений. Особое внимание Шалва Папуашвили уделил важности развития межпарламентского диалога, как на двустороннем уровне, так и в рамках международных парламентских площадок.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.9K
+0 24h
Reach per post (ERR)
7.7%1.1K avg views
Posting
12.7/day
last 9 hours ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 4 Nov 2026, 06:56 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 2.3K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
| Posted | Channel | Post | Views |
|---|---|---|---|
| 4 Nov 2026, 07:30 | AZfront | 🇰🇬🇬🇪 Кыргызстан и Грузия обсудили развитие межпарламентского... | 8.6K |