Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрында, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысы жарандардын кайрылууларын угуп, тиешелүү ведомстволорго тургундардын конкреттүү көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүү боюнча так тапшырмаларды берди. Жашоочулар күнүмдүк турмушка жана райондорду өнүктүрүүнүн келечегине байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди көтөрүштү. Негизги темалардын катарында спорттук жана социалдык объекттерди куруу жана оңдоо, канализация жана ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын тартуу, мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу турак жай берүү, мунапыс маселелери, ошондой эле жер жана мүлк талаштары болду. Ошондой эле кылмыш иштери жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды. Садыр Жапаров тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жарандардын бардык кайрылууларын тыкыр иштеп чыгууну тапшырды. Президент кылмыш иштерин жана мүлктүк талаштарды объективдүү, адилеттүү жана өз убагында кароо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Views over time

05001K3 Nov 11:0911 Nov 05:031K3 Nov 11:09: 0 views11 Nov 05:03: 1,040 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
3 Nov 2026, 11:090
11 Nov 2026, 05:031K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.