Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров “Талас-Арена”стадионунун ачылышына катышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас шаарындагы жаңы “Талас-Арена” борбордук стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы эл аралык талаптарды эске алуу менен курулган стадиондун тышкы жана ички инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу талааларын жана кичи футбол аянтчаларын көрүп чыкты. Ошондой эле Мамлекет башчысына жаш футболчу кыздардын көрсөтмө оюндары көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, “Талас-Арена” стадиону таластык “Азия” футбол клубунун машыгуучу стадиону болот. Иш-чаранын жүрүшүндө көп сандаган көрүүчүлөр үчүн ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду. Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, стадиондун курулушу Талас облусунда футболду өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болгонун айтты. Мамлекет башчысы стадионду “Азия” клубунун башкаруусуна өткөрүп берүү жана машыгуулар үчүн пайдаланууга берүү аймактагы футболдун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним артты. Президент Садыр Жапаров “Азия” клубунун негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго аймакта футболду өнүктүрүүгө багытталган демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, ага символикалык түрдө топ жана автобустун ачкычын тапшырды. Иш-чара “Азия” жана “Талант” клубдарынын ортосундагы футболдук беттеш жана салют менен аяктады. ***** Президент Садыр Жапаров принял участие в открытии стадиона «Талас-Арена» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 ноября, принял участие в торжественной церемонии открытия нового центрального стадиона «Талас-Арена» в городе Талас. Глава государства ознакомился с внешней и внутренней инфраструктурой стадиона, построенного с учетом международных требований, осмотрел тренировочные поля и площадки для мини-футбола. Здесь же Главе государства продемонстрировали показательную игру юных футболисток. Отметим, что стадион «Талас-Арена» станет домашней базой таласского футбольного клуба «Азия». Во время мероприятия для многочисленных зрителей организовали концертную программу с участием отечественных звезд эстрады. Президент Садыр Жапаров выступил с поздравительной речью, в которой отметил, что строительство стадиона стало еще одним важным шагом в развитии футбола в Таласской области. Глава государства выразил уверенность, что передача стадиона клубу «Азия» в управление и для проведения тренировок придаст новый импульс развитию футбола в регионе. Президент Садыр Жапаров поблагодарил основателя клуба «Азия» Омурбека Бабанова за инициативу, направленную на развитие футбола в регионе и символически вручил ему мяч, а также ключи от автобуса. Завершилось мероприятие футбольным матчем между клубами «Азия» и «Талант», а также салютом.

Views over time

05001K2 Nov 15:0911 Nov 05:031.1K2 Nov 15:09: 0 views11 Nov 05:03: 1,130 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
2 Nov 2026, 15:090
11 Nov 2026, 05:031.1K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.