Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 12 hours ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. Аймактын жашоочулары айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана тарыхый эстеликтерди сактоо, газдаштыруу, мунапыс, аймактарды көрктөндүрүү жана социалдык инфраструктура объекттерин куруу, жер жана мүлк талаштары, саламаттык сактоо уюмдарында кадрлардын жана керебет-орундардын жетишсиздиги жана башка көптөгөн маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар айтылды. Мамлекет башчысы тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жарандардын кайрылууларын иштеп чыгууну, ошондой эле кылмыш иштерин жана мүлк талаштарын объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды. ****** Президент Садыр Жапаров ответил на вопросы жителей города Талас, Таласского и Бакай-Атинского районов Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 ноября, в ходе рабочей поездки в Таласскую область ответил на вопросы жителей города Талас, Таласского и Бакай-Атинского районов. Жители региона подняли вопросы поддержки сельхозпроизводителей и сохранения исторической памяти, газификации, амнистии, благоустройства территорий и строительства объектов социальной инфраструктуры, земельных и имущественных споров, нехватки кадров и койко-мест в организациях здравоохранения, многие другие. Кроме того, озвучены обращения, касающиеся уголовных дел и действий правоохранительных органов. Глава государства поручил профильным министерствам и ведомствам проработать обращения граждан, а также обеспечить объективное рассмотрение уголовных дел и имущественных споров.

Views over time

05001K2 Nov 10:0711 Nov 05:031K2 Nov 10:07: 0 views11 Nov 05:03: 1,030 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
2 Nov 2026, 10:070
11 Nov 2026, 05:031K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.