🔹 Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. Тургундар электр энергиясы менен камсыздоо, айыл чарбасын өнүктүрүү, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жол инфраструктурасын жана транспорттук каттамдарды жакшыртуу, жер мамилелери жана турак жай менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле соттук териштирүүлөргө жана кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу кайрылуулар айтылды. Мамлекет башчысы тиешелүү ведомстволорго электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл чарба долбоорлорун колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Жер жана мүлк талаштарына байланыштуу айрым кайрылуулар боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылууга, аймактар ортосундагы транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тургундардын кайрылууларын тыкыр карап чыгууну, талаштуу маселелерди объективдүү кароону жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
−100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.6%1.1K avg views
Posting
11.1/day
last 13 hours ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 24 Oct 2026, 13:21 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 906 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.