Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K −100 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.6%1.1K avg views
Posting 11.1/day last 13 hours ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Президент Садыр Жапаров “Мадина” базарына пландан тышкары барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары барып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолугушту. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат. Мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады. Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Алар көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, буга чейин жаңы базар Мамлекет башчысынын жакын туугандарына таандык деген туура эмес маалымат алышканын белгилешти. Андан соң Президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашты. Сүйлөшүү учурунда жабыркагандарга компенсация эски “Мадина” базары жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү белгилүү болду. Ошондой эле айрым ишкерлер соода орундарын базардын мурдагы ээлеринен сатып алышканы өзүнчө белгиленди. Мындай ар бир кайрылуу укук коргоо органдарынын катышуусунда жекече каралат. Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган. Президент Садыр Жапаров Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү боюнча бардык иштерди аяктоону, соодагерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Мамлекет башчысы ноябрь айынын башына чейин жаңы “Мадина” базары толугу менен ишке даяр болуп, штаттык режимде иштеши керектигин баса белгиледи.

Views over time

05001K1.5K20 Oct 13:0011 Nov 05:031.3K20 Oct 13:00: 0 views11 Nov 05:03: 1,310 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
20 Oct 2026, 13:000
11 Nov 2026, 05:031.3K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.