Президент Садыр Жапаров ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды. Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА Кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ал Ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгиледи. Өз кезегинде парламенттердин спикерлери Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушту. Ошондой эле алар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө, интеграциялык процесстерди колдоодо жана боордош мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө ТүркПАнын маанисин баса белгилешти. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин жалпы баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.9K
+0 24h
Reach per post (ERR)
7.7%1.1K avg views
Posting
12.7/day
last 13 hours ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 20 Oct 2026, 07:11 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.9K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.