Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0
edited

Президент Садыр Жапаров Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаңы соода каттамдарын ачууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты. Тараптар ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтык маселелерин карашты. Садыр Жапаров Никол Пашинянды 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Өз кезегинде Никол Пашинян Садыр Жапаровдун Арменияга жасаган алгачкы расмий сапары эки жактуу мамилелердин жаңы барагын ачарына ишеним билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгына жаңы дем берерине үмүт артып, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинянды Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды. ***** Президент Садыр Жапаров провел переговоры с Премьер-министром Армении Николом Пашиняном в расширенном формате Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 октября, в городе Ереван провел переговоры с Премьер-министром Республики Армения Николом Пашиняном в расширенном формате. В ходе встречи стороны обсудили перспективы дальнейшего укрепления кыргызско-армянских отношений, уделив особое внимание расширению торгово-экономического сотрудничества, развитию транспортно-логистических связей и открытию новых торговых маршрутов. Стороны также рассмотрели вопросы сотрудничества в области охраны окружающей среды и сохранения горных экосистем. Садыр Жапаров пригласил Никола Пашиняна принять участие во Втором глобальном горном саммите «Бишкек+25», который состоится в октябре 2027 года в Бишкеке. В свою очередь, Никол Пашинян выразил уверенность, что первый официальный визит Садыра Жапарова в Армению откроет новую страницу в двусторонних отношениях. В завершении переговоров Президент Садыр Жапаров выразил уверенность, что достигнутые договоренности придадут новый импульс кыргызско-армянскому сотрудничеству, и пригласил Премьер-министра Армении Никола Пашиняна посетить Кыргызскую Республику с официальным визитом.

Views over time

05001K17 Oct 07:2711 Nov 05:031.1K17 Oct 07:27: 0 views11 Nov 05:03: 1,050 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
17 Oct 2026, 07:270
11 Nov 2026, 05:031.1K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)