Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.2K avg views
Posting 9.5/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи. 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директорун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Саммитке катышууга чакырды. Мындан тышкары, Президент Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал ЮНЕСКО тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүлөрүнө, ошондой эле бул демилгени ишке ашырууга эл аралык өнөктөштөрдү тартууга Уюм көмөк көрсөтөрүнө ишеним артты. Өз кезегинде Халед Аль-Анани Президент Садыр Жапаровдун COP17деги биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерине арналган сөзүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. ЮНЕСКОнун башкы директору Кыргызстандын көчмөн маданиятын сактоого жана жайылтууга кошкон салымын өзгөчө белгилеп, аны эл аралык деңгээлде таанытууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Халед Аль-Анани Кыргызстан менен академиялык, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын, өлкөнүн демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады. Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Views over time

05001K16 Oct 13:0411 Nov 05:031.1K16 Oct 13:04: 0 views11 Nov 05:03: 1,080 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
16 Oct 2026, 13:040
11 Nov 2026, 05:031.1K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.