Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады. Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, өнөрпоздордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун сапаттуу маданий эс алуусун уюштурууга шарттар түзүлгөн. Ошол эле учурда Президент көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты. Садыр Жапаров Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ. Президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини колдоп, ага кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин натыйжалуу ишин жолго коюуну тапшырды. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана жанрлардын, өнөр көрсөтүүлөрдүн түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу цирк программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. **** Президент Садыр Жапаров принял нового директора Кыргызского государственного цирка Нурлана Конокбаева Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 13 октября, принял вновь назначенного директора Кыргызского государственного цирка имени А. Изибаева Нурлана Конокбаева. В ходе встречи Глава государства обсудил текущее положение дел в учреждении и перспективы его дальнейшего развития. Садыр Жапаров напомнил, что в 2023 году лично посетил Государственный цирк и поручил провести его капитальную реконструкцию. Благодаря государственной поддержке были созданы условия для обновления цирка, развития творческого потенциала артистов и организации качественного культурного досуга для детей и взрослых. Вместе с тем Президент отметил, что, несмотря на принятые меры, затянувшиеся внутренние разногласия препятствовали полноценной деятельности учреждения. Садыр Жапаров подчеркнул, что Государственный цирк должен стать местом творчества, профессионального развития артистов и семейного отдыха, а не внутренних конфликтов. Поэтому было принято решение привлечь руководителя извне и на должность директора цирка был назначен Нурлан Конокбаев, гражданин Казахстана. При этом он является уроженцем Кыргызстана, выпускником Кыргызской национальной консерватории (режиссер-хореограф), обладает международным профессиональным опытом в творческой сфере. В этой связи Президент Садыр Жапаров выразил поддержку новому руководителю и поручил новому директору в кратчайшие сроки восстановить благоприятную атмосферу в коллективе, укрепить трудовую дисциплину и наладить эффективную работу цирка. Особое внимание поручено уделить привлечению зарубежных цирковых коллективов и расширению программы цирковых представлений за счёт разнообразия жанров и номеров.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 13 Oct 2026, 08:52 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 2K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.