Президент Садыр Жапаров Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары жана активи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Темир жол транспорту жана энергетика тармактарында ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жетишилген натыйжаларды ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жакшыртууга багыттоо, Кыргызстандын алдыдагы ондогон жылдарга туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат. ***** Президент Садыр Жапаров встретился с жителями г. Сулюкта и Лейлекского района Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 11 октября, в рамках рабочей поездки в Баткенскую, Ошскую области встретился с жителями и активом города Сулюкта и Лейлекского района. В ходе встречи Глава государства с удовлетворением отметил, что в стране заложен прочный фундамент экономического развития, происходят масштабные изменения во всех направлениях социально-культурной жизни. Поэтапно реализуются крупные проекты в сфере железнодорожного транспорта и энергетики. В этой связи перед государством стоит задача направить достигнутые результаты на улучшение благосостояния каждой семьи, обеспечить устойчивое развитие Кыргызстана на десятилетия вперед и построить сильное государство для будущих поколений.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 11 Oct 2026, 08:48 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.4K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.