Президент Садыр Жапаров Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчилигине барды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын элчилигине барып, Сеул шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Кыргызстандын Корея Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маанилүү тарыхы бар: 2006-жылы Сеул шаарында консулдук ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Көп жылдар бою дипломатиялык өкүлчүлүк имаратты ижарага алууга аргасыз болгон. Ижара акысына кеткен ай сайынкы чыгымдар мамлекеттик бюджетке олуттуу жүк жаратып келген. Кырдаал 2025-жылдын апрель айында өзгөрдү. Ошол учурда Сеул шаарынын борборунан - өлкөнүн негизги административдик жана мамлекеттик мекемелерине жакын жерден - Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн өзүнүн имараты сатылып алынган. Элчиликтин жамааты менен болгон баарлашууда Президент Садыр Жапаров ижарадагы имараттан өзүнүн жеке менчигиндеги имаратка көчүү бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө гана эмес, жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгиледи. Ал бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруунун мындай ыкмасын – чет өлкөлөрдөн менчикке имараттарды сатып алуу аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнү – өлкөнүн башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да активдүү колдонуу зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залдарын көрүп чыгып, Кореянын борборунан менчикке имарат сатып алуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын чет өлкөлөрдөгү статусун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин айтты. Андан соң Президент Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн жамааты менен эстеликке сүрөткө түштү.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.2K avg views
Posting
9.5/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 17 Sep 2026, 08:40 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.2K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.