Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹 Президент Садыр Жапаров Таласта “Акылман” лицейин ачып, Кыргызстан боюнча бир убакта онлайн форматта 100 социалдык объектти ишке киргизди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышып, ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы билимдүү, Мекенин сүйгөн жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенине басым жасады. “Мына ошондон улам, билим берүү тармагында дагы бир маанилүү кадам жасап, Талас шаарына “Акылман” лицейин ачып жатабыз. Демек, биз өлкөбүздүн жаркын келечегине эң чоң инвестиция салып жатабыз. Мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей дагы өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем”, - деди Садыр Жапаров жана бул лицейлерден заманбап билим алуу менен катар улуттук нарк-насил, мекенчилдик жана адамдык бийик сапаттарды айкалыштырган, уюткулуу элибиздин уңгужолун улаган кыргыз жараны, мекенчил уул-кыздары тарбияланып чыгышы керектигин белгиледи. Комплекстин аймагында окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянты жайгашкан. Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар.

Views over time

05001K1.5K11 Sep 06:5911 Nov 05:031.4K11 Sep 06:59: 0 views11 Nov 05:03: 1,360 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Sep 2026, 06:590
11 Nov 2026, 05:031.4K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.