🔹 Президент Садыр Жапаров Таласта Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады. Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи. Окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми аталган окуу жайдын тарыхы дээрлик бир кылым мурда — 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашкан жолду басып өттү. Ушул мезгил аралыгында окуу жай миңдеген адистерди даярдаган. Алардын арасында билим берүү системасын, мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана башка тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар бар. Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыкты. Андан соң окутуучулар менен баарлашып, аларды студенттерге сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялоого чакырды. Баарлашууда туристтик чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бул багыт үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 11 Sep 2026, 06:17 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.2K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.