🇰🇬🇵🇰 Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн эки жылдын ичинде 200 млн АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча макулдашышты. Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда тиешелүү документке кол коюшту. Документ соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн учурда болгон потенциалын ачууга багытталган. Жетишилген макулдашуу Пакистандын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын конкреттүү жыйынтыктарынын бири болуп, эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет. ***** 🇰🇬🇵🇰 Кыргызстан и Пакистан намерены увеличить товарооборот до 200 млн долларов США Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и Премьер-министр Исламской Республики Пакистан Мухаммад Шахбаз Шариф договорились довести объем взаимной торговли между двумя странами до 200 млн долларов США в течение двух лет. В соответствии с достигнутой договоренностью министры иностранных дел Кыргызской Республики и Исламской Республики Пакистан в присутствии лидеров двух стран подписали соответствующий документ. Он направлен на дальнейшее расширение торгово-экономического сотрудничества, увеличение объемов взаимной торговли и раскрытие имеющегося потенциала экономического взаимодействия между Кыргызстаном и Пакистаном. Достигнутая договоренность стала одним из конкретных результатов официального визита Премьер-министра Пакистана в Кыргызскую Республику и придаст дополнительный импульс развитию двусторонних торгово-экономических связей.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 2 Sep 2026, 10:45 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 3K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.