🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф «Ала-Арча» паркындагы этномаданий программа менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүн, 2-сентябрда, улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты. Делегация башчылары орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплекси уюштурулган «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты. Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийимчен баатырлар жана улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты. Пакистан делегациясына кыргыздын салттуу тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, анын ичинде килем, шырдактар, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылыч жана айбалталарды жасоо өнөрү көрсөтүлдү. «Кайбар» элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классиканын чыгармаларын аткарып беришти. Чет өлкөлүк меймандарга ошондой эле алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды. **** 🇰🇬🇵🇰 Президент Садыр Жапаров и Премьер-министр Пакистана Мухаммад Шахбаз Шариф ознакомились с этнокультурной программой в парке «Ала-Арча» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и Премьер-министр Исламской Республики Пакистан Мухаммад Шахбаз Шариф сегодня, 2 сентября, ознакомились с этнокультурной программой, посвященной национальным традициям и культуре. Главы делегаций посетили Государственный природный парк «Ала-Арча», где был развернут стилизованный под средневековую кочевую культуру выставочный комплекс «Кыргыз айылы». Гостей встретили акыны-импровизаторы, баатыры в доспехах и девушки в национальной одежде под звуки барабанов-добулбасов. Пакистанской делегации продемонстрировали традиционные кыргызские блюда, а также элементы ремесленного искусства, в том числе изготовление килемов, шырдаков, частей юрты, мечей и боевых топоров. Народно-фольклорный ансамбль «Кайбар» исполнил музыкальные произведения народов Кыргызстана и Пакистана, а также произведения мировой классики. Зарубежным гостям также показали охоту с ловчими птицами и тайганами и представили национальные танцы.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 2 Sep 2026, 07:58 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.9K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.