Президент Садыр Жапаров Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 11:09 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.6K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.