Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🔹Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кылымдарды карыткан тарыхый жана маданий байланыштарга, жалпы салт-санаага жана руханий баалуулуктарга, ошондой эле улуу көчмөн цивилизацияларынын орток мурасына негизделген кыргыз-монгол мамилелеринин достук жана ишенимдүү мүнөзүн белгилешти. Кыргызстандын Президенти азыркы этаптагы негизги милдеттердин бири –эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимди ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жана Кыргызстан менен Монголиянын жарандары менен бизнесине практикалык пайда алып келүүчү конкреттүү соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорго айландыруу экенин айтты. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Монголия менен тыгыз координация жүргүзүүгө даяр экенине токтолду. Жолугушууда эл аралык кызматташтык жана экологиялык күн тартиби, анын ичинде туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар конструктивдүү саясий диалогду улантууга жана кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңири багыттар боюнча ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырастап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани беришти.

Views over time

05001K1.5K31 Aug 10:3311 Nov 05:031.5K31 Aug 10:33: 0 views11 Nov 05:03: 1,520 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Aug 2026, 10:330
11 Nov 2026, 05:031.5K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.