Президент Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Тараптар эки жактуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүккө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүүнү жандандырууга өзгөчө көңүл бурушту. Садыр Жапаров Нарендра Модини Индиянын Эгемендүүлүгүнүн 80 жылдыгы менен жылуу куттуктады. Ал өз ара достук, урмат-сый жана ишенимге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин салттуу достук жана стратегиялык мүнөзүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ артыкчылыктуу багыттар катары билим берүү, саламаттык сактоо, фармацевтика жана IT-технологиялар жааттарын атады. Өз кезегинде Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер аралык мамилелердин ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын айтты. Нарендра Моди расмий Дели өз ара пайдалуу кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого толук даяр экенин ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар жана белгиленген багыттар кыргыз-индия кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн конкреттүү кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берерине өз ара ишеним артышты.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 31 Aug 2026, 10:03 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 1.5K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.