Ынтымак Ордо 🇰🇬

@president_of_kr · news · Kazakh · active

Subscribers 14.8K Subscribers, last 30 days: 14.9K → 14.8K +0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR) 7.8%1.1K avg views
Posting 9.4/day last 2 days ago
Reactions per 1K views 0.0

🇰🇬🇨🇳 КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭР Биринчи айымы Пэн Лиюанды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты. Флагштокторго эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар кыргыз элинин меймандостугун жана кең пейилдигин билдирген салттуу даамдар - боорсок жана бал сунушту. Салтанаттуу аземдин маанайын аскер оркестринин жана добулбасчылар ансамблинин аткаруусу толуктады. Ардактуу конокторду комузчулар, бий топтору жана салттуу “Салбуурун” маданиятынын өкүлдөрү тосуп алышты. Аземде кыргыз элинин баатырдык мурасын жана рухунун күчүн даңазалаган “Алп баатырлар” композициясы өзгөчө орунду ээледи. Салтанаттуу программа аэропорттун VIP залында улантылып, анда коноктор үчүн балдар хору жана жаш аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эки элдин достугунун өзгөчө символу катары балдардын кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык чыгарма аткаруусу болду.

Views over time

01K2K30 Aug 09:0011 Nov 05:032K30 Aug 09:00: 0 views11 Nov 05:03: 2,040 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
30 Aug 2026, 09:000
11 Nov 2026, 05:032K

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.