🔹 КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат. Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат. **** 🔹 Председатель КНР Си Цзиньпин посетит Кыргызстан с государственным визитом По приглашению Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова 30 августа Кыргызскую Республику с государственным визитом посетит Председатель Китайской Народной Республики Си Цзиньпин. В ходе переговоров будут обсуждены актуальные вопросы дальнейшего развития кыргызско-китайского всестороннего стратегического партнерства. По итогам визита планируется подписание ряда межгосударственных, межправительственных и межведомственных документов. Кроме того, Председатель КНР примет участие в торжественных мероприятиях, посвященных 35-летию Независимости Кыргызской Республики, заседании Совета глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества и других мероприятиях. Предстоящий государственный визит Председателя Китайской Народной Республики станет важным шагом в дальнейшем укреплении кыргызско-китайских отношений, основанных на прочной дружбе, взаимном доверии и поддержке.
Ынтымак Ордо 🇰🇬
Subscribers
14.8K
+0 24h · −100 7d
Reach per post (ERR)
7.8%1.1K avg views
Posting
9.4/day
last 2 days ago
Reactions per 1K views
0.0
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 26 Aug 2026, 07:15 | 0 |
| 11 Nov 2026, 05:03 | 2.7K |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.