Студенттер арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан республикабыздын жогорку окуу жайларында жаштар арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жолугушуулар И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде, Бишкек мамлекеттик университетинде жана И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде уюштурулду. Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттерге үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана зомбулуктун алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты-жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулукка каршы мамилени калыптандыруу. Кыргыз Республикасынын ИИМи үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коомдо коопсуз чөйрөнү түзүү багытындагы профилактикалык иштерди улантат. ИИМдин Басма сөз кызматы