Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K tracking since 13 Nov
Reach per post (ERR) 11.9%245 avg views
Posting 2.7/day last 10 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👍 👏
edited

ИИМдин музейи: Кыргыз милициясынын тарыхы жаңы мейкиндикте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Сагын Наматбаев атындагы музейи капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кыргыз милициясынын тарыхый мурасын сактоо жана жайылтуу үчүн заманбап көрүнүшкө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, кайрадан эшигин ачты. Музейдин имараты - бул жөн гана тарыхый экспонаттарды сактоочу жай эмес, ал ички иштер органдарынын түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн негизги этаптары, милиция кызматкерлеринин кесиптик салттары жана муундардын уландысы чагылдырылган мейкиндик. Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имарат жаңыланып гана тим болбостон, кеңейтилди. Мурдагы эки кабаттуу имаратка үчүнчү кабат кошулуп, музейдин экспозициялык жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейтилди. Анын биринчи кабатында ар кандай иш-чараларды, жолугушууларды жана тематикалык сабактарды өткөрүүгө арналган чакан жана чоң конференц-залдар жабдылган. https://egov.kg/ru/ministry/interior

Views over time

010020011 Nov 07:2913 Nov 14:2019211 Nov 07:29: 0 views13 Nov 14:20: 192 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
11 Nov 2026, 07:290
13 Nov 2026, 14:20192

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.