Муундар уландысы: салтка берилгендик жана мыйзамга кызмат кылуу 10-ноябрь-Советтик милициянын күнү. Бул дата ички иштер органдарынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеп, өмүрүн коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого арнаган инсандарды, ошондой эле бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпогон кесиптик баалуулуктарды эске салат. Милициянын көп жылдык тарыхынын артында миңдеген адамдардын тагдыры, эрдиктин, жан аябастыктын жана тандаган кесибине берилгендиктин үлгүлөрү турат. Ардагерлер кесипкөйлүктүн, жоопкерчиликтин жана кызматтык милдетке берилгендиктин бекем пайдубалын түптөп, жаш кызматкерлерге өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын гана эмес, кесипке болгон терең урмат-сыйын да мураска калтырышкан. https://cabinet.egov.kg/