Мекенге кызмат кылуунун алгачкы кадамы: ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти 2026-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында биринчи курстун курсанттарынын ант берүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМ Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев, мурдагы ички иштер министри, отставкадагы милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев, ИИМ Академиясынын алгачкы жетекчиси, отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Нату Ниязов катышты. Ошондой эле иш-чарага ички иштер органдарынын ардагерлери, курсанттардын ата-энелери жана жакындары, Академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана өздүк курамы катышты. https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/52141