Кыргызстандын Ички иштер министри Астанада өткөн эл аралык конференцияда сүйлөдү 2026-жылдын 4-5-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Ири масштабдагы иш-чарага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Конференциянын негизги максаты - транс улуттук киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, алдыңкы тажрыйбалар жана технологиялар менен алмашуу, ошондой эле заманбап санариптик коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн практикалык механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.