Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K +0 24h
Reach per post (ERR) 11.8%244 avg views
Posting 2.7/day last 18 hours ago
Reactions per 1K views 1.6 ❤ 👏 👍

2026-жылдын 1-ноябрында борбор калаада Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун үч кабаттуу жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти-Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров, ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ИИМдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам жана чакырылган коноктор катышты. Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен башталды. «Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылат. Ушундан улам, менин тапшырмамдын негизинде акыркы алты жылда элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, коопсуздукту сактаган Кыргыз милициясына керектүү шарттар түзүлүп келе жатат. Декабрь айынан баштап айлык акыларыңыздар дагы жогорулатылган өлчөмдө төлөнө баштайт», -деди Садыр Жапаров.

Views over time

0501001502001 Nov 08:5213 Nov 14:201761 Nov 08:52: 0 views13 Nov 14:20: 176 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
1 Nov 2026, 08:520
13 Nov 2026, 14:20176

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.