Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 19 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍
edited

Кыргызстандын тургундары кыргыз милициясын 102 жылдык мааракеси менен куттукташты Кыргыз милициясынын 102 жылдык мааракесинин алдында жарандар ички иштер органдарынын кызматкерлерине өз каалоо-тилектерин билдиришти. Өлкө тургундары милиция кызматкерлерине ак кызмат өтөгөндүгү, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кызматтык ийгиликтерди жана тынч нөөмөттөрдү каалашты. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга жылуу каалоо-тилектери жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо жана кызматтык ийгиликтерди каалайт! Ар бир үйдө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүп, жарандардын ишеними жана урмат-сыйы ишибизге берилген эң жогорку баа болсун! ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020031 Oct 02:3913 Nov 14:2021431 Oct 02:39: 0 views13 Nov 14:20: 214 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
31 Oct 2026, 02:390
13 Nov 2026, 14:20214

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.