Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K +0 24h
Reach per post (ERR) 11.8%245 avg views
Posting 2.7/day last 1 day ago
Reactions per 1K views 1.6 ❤ 👍 👏

ИИМ эскертет: банк картасын акчага берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга берүүдөн жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан сак болууга чакырат. Мындай аракеттер жарандарды мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралаштырышы мүмкүн. Башка адамдардын акча которууларын жүргүзүү үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар «дропперлер» деп аталат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын жана эсептерге кирүү маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө, ошондой эле шектүү финансылык сунуштарга макул болбоого чакырат. Эсиңизде болсун: бүгүнкү жеңил акча эртең эркиндигиңизден ажыратуусу мүмкүн. Дроппер болбоңуз! ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

020040060020 Oct 04:0113 Nov 14:2045920 Oct 04:01: 0 views13 Nov 14:20: 459 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
20 Oct 2026, 04:010
13 Nov 2026, 14:20459

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.