Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K +0 24h
Reach per post (ERR) 11.8%244 avg views
Posting 2.7/day last 1 day ago
Reactions per 1K views 1.6 ❤ 👍 👏

Улан Ниязбеков: Жаран Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсү чындыкка дал келбейт Бүгүн социалдык тармактарда жаран Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап, алардын аракеттери саясий буйруктун негизинде болгонун билдирген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков түшүндүрмө берди. 19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан. Ал саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ызы-чуу чыгарган. Ушуга байланыштуу жаран Жапыкеев Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. «Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн Кыргызтесттен өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам», - деди ИИМ башчысы. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020030040019 Oct 05:4513 Nov 14:2032319 Oct 05:45: 0 views13 Nov 14:20: 323 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
19 Oct 2026, 05:450
13 Nov 2026, 14:20323

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.