📣ИИМ экстремисттик ишмердүүлүккө тартылуу коркунучу тууралуу эскертет Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылууга жол бербөөгө чакырат. Соттор тарабынан террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын расмий тизмеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтында жайгаштырылган. Жарандар аталган тизме менен төмөнкү шилтеме аркылуу өз алдынча тааныша алышат: 📌https://prokuror.kg/ru/perechen-organizatsiy-i-informatsionnyh-materialov-priznannyh-sudami-terroristicheskimi-i-ekstremistskimi 📌https://egov.kg/ru/ministry/interior/news/49534