Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Түркия Республикасынын Жандармериясынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү 2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармериясынын башкы кол башчысынын орун басары генерал-полковник Мурат Булут жетектеген делегация менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүүнүн багыттарын кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун, кесиптик тажрыйба алмашуунун жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өтүп, тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Subscribers
2.1K
−10 24h
Reach per post (ERR)
11.7%242 avg views
Posting
2.7/day
last 19 hours ago
Reactions per 1K views
1.7
❤ 👏 👍
Views over time
| When | Views |
|---|---|
| 14 Oct 2026, 06:43 | 0 |
| 13 Nov 2026, 14:20 | 283 |
Who shared this post
Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)
Nobody yet.