Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 19 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленджин баштады Кыргыз Республикасынын Президентинин «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж башталды. Демилгенин максаты - коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу. Коррупцияга каршы күрөшүү - мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун биргелешкен милдети. Анын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат. https://egov.kg/ru/ministry/interior

Views over time

010020030012 Oct 05:1313 Nov 14:2029112 Oct 05:13: 0 views13 Nov 14:20: 291 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
12 Oct 2026, 05:130
13 Nov 2026, 14:20291

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.