Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 19 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чарада милиция коомдук тартипти камсыздоодо Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн маданий-көңүл ачуучу программалар, жарманкелер жана тамак-аш зоналары уюштурулган. Кечинде белгилүү ата мекендик жана чет өлкөлүк аткаруучулардын катышуусунда чоң концерт өтөт. Коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин сактоо максатында милиция кызматкерлери майрамдык иш-чара өтүп жаткан аймакта кызмат өтөп жатышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге борбор калаанын тургундарына жана конокторуна зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр. Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. ИИМдин Басма сөз кызматы

Views over time

010020030010 Oct 10:2413 Nov 14:2024110 Oct 10:24: 0 views13 Nov 14:20: 241 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
10 Oct 2026, 10:240
13 Nov 2026, 14:20241

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.