Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел

@mvd_official_kg · news · Kazakh · active

Subscribers 2.1K Subscribers, last 30 days: 2.1K → 2.1K −10 24h
Reach per post (ERR) 11.7%242 avg views
Posting 2.7/day last 19 hours ago
Reactions per 1K views 1.7 ❤ 👏 👍

ИИМдин «Бетме-Бет» гезити жана «Кыргыз милициясы» журналы эми санариптик форматта жеткиликтүү Маалымат доорунда коомчулукка так жана ыкчам маалымат жеткирүү маанилүү. ИИМдин «Бетме-Бет» гезити жана «Кыргыз милициясы» журналы милициянын ишмердүүлүгү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирген негизги басылмалардын бири болуп саналат. Эми жарандар гезиттин жана журналдын сандарын уюлдук телефон, планшет же компьютер аркылуу электрондук форматта окуй алышат. Басылмаларды окуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына https://egov.kg/kg/ministry/interior кирип, башкы бетке өтүү зарыл. Андан соң баракчаны жогору карай жылдырып, «Бетме-Бет» гезити же «Кыргыз милициясы» журналы бөлүмүн тандап, каалаган санын ачып окууга болот. Мындай мүмкүнчүлүк басылмалардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, окурмандарга керектүү маалыматтарды каалаган убакта жана каалаган жерден алууга шарт түзөт.

Views over time

01002003009 Oct 08:2913 Nov 14:202929 Oct 08:29: 0 views13 Nov 14:20: 292 views
Snapshots we took after posting.
WhenViews
9 Oct 2026, 08:290
13 Nov 2026, 14:20292

Who shared this post

Posts in other channels we index that link to this one. (Forwards with a hidden source can't be traced.)

Nobody yet.